Редакцияот 18.09.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПРАВИТЕЛЬСТВО КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

ПОСТАНОВЛЕНИЕ

 

2010-жылдын 18-сентябрындагы №210

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы №177 «Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Кыймылсыз мүлк рыногун өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы №177 «Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө жобонун 19-пункту күчүн жоготту деп табылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисининминистрдин 2009-жылдын 3-июлундагы № 97 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

Р. Отунбаева