Редакцияот 21.09.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

 

2010-жылдын 21-сентябрындагы №212

Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 1-июлундагы № 107  «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекеттик сот экспертизалар борборун  материалдык-техникалык камсыздоонун маселелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Мамлекеттик менчик объекттерин сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 1-июлундагы № 107 «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекеттик сот экспертизалар борборун материалдык-техникалык камсыздоонун маселелери жөнүндө» токтомунун 2-пунктуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- «0,3» деген цифралар «0,17» деген цифралар менен алмаштырылсын;

- «объекттерди» деген сөз «объектти» деген сөз менен алмаштырылсын.

2. Бул токтом расмий жарыялангандан баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

Р. Отунбаева