Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 30-сентябрындагы №221
2001-жылдын 25-сентябрындагы № 584 «Бажы союзу жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндик жөнүндө 1999-жылдын 26-февралындагы Келишимге катышуучу мамлекеттердин аймактарынан өтүүчү жана үчүнчү өлкөгө ташып чыгарылуучу товарлардын реэкспортуна бажы контролу жөнүндө Протоколду бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө
1994-жылдын 15-апрелиндеги Товарлардын реэкспорту жана реэкспортко уруксаттарды берүүнүн тартиби жөнүндө макулдашуунун 1-беренесин, 1999-жылдын 26-февралындагы Келишимге катышуучу-мамлекеттердин аймактарынан өтүүчү жана үчүнчү өлкөгө ташып чыгарылуучу товарлардын реэкспортуна бажы контролу жөнүндө Протоколдун 5-беренесин ишке ашыруу максаттарына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2001-жылдын 25-сентябрындагы № 584 «Бажы союзу жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндик жөнүндө 1999-жылдын 26-февралындагы Келишимге катышуучу мамлекеттердин аймактарынан өтүүчү жана үчүнчү өлкөгө ташып чыгарылуучу товарлардын реэкспортуна бажы контролу жөнүндө Протоколду бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- бүткүл текст боюнча «Кыргыз Республикасынын Тышкы соода жана өнөр жай министрлиги» жана «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясы» деген сөздөр» тиешелүүлүгүнө жараша «Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлиги» жана «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы» деген тиешелүү жөндөмөлөрдөгү сөздөр менен алмаштырылсын;
- 5-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине (КМШ) жана Евразия Экономикалык Коомдоштугу (ЭврАзЭК) катышуучу-мамлекеттер тарабынан бекитилүүчү тизмелер боюнча товарлардын реэкспортун контролдоону жүзөгө ашырсын жана ал товарлар чыккан өлкө болуп саналган мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген тиешелүү түрдө жазуу жүзүндө жол-жоболоштурулган уруксат болгондо гана товарлардын реэкспортуна уруксат берсин.».
2. Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлиги Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен биргелешип КМШга жана ЭврАзЭКга катышкан мамлекеттер менен уруксаттарды, кызмат адамдарынын койгон колдору менен товарлар чыккан өлкөнүн ыйгарым укуктуу ведомстволорунун мөөрлөрүн жана жогоруда аталган Протоколдун 3 жана 1-беренелерине жана тиешелүү түрдө Макулдашууга ылайык товарлар чыккан өлкөнүн реэкспортко ыйгарым укуктуу органы тарабынан уруксат берүүнүн тартибин аныктоочу ченемдик укуктук актыларды алмаштыруунун жол-жобосун жүргүзсүн.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 30 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык өнүгүү жана мониторинг бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р.Отунбаева |