Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 4-октябрындагы №228
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-апрелиндеги № 1 «Бир жолку материалдык жардам жөнүндө» токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу
Жалал-Абад шаарында 2010-жылдын 13-14-майында болуп өткөн окуялардын натыйжасында Кыргыз Республикасынын каза болгон жана жабыр тарткан жарандарынын үй-булөлөрүнө бир жолку материалдык жардам көрсөтүү жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрдүн каза болгон жана жабыр тарткан аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрүнө жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине материалдык жардам төлөөнү тартипке келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-апрелиндеги № 1 «Бир жолку материалдык жардам жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:
- бүткүл текст боюнча «2010-жылдын 6-7-апрелинде болгон» деген сөздөр «Бишкек жана Талас шаарларында 2010-жылдын 6-7-апрелинде, ошондой эле Жалал-Абад шаарында 2010-жылдын 13-14-майында болгон» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 1-пунктунда:
«Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги,» деген сөздөн кийин «Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматы, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги» деген сөздөр менен толукталсын;
«бир күндүк мөөнөттө» деген сөздөр алып салынсын;
- 2-пунктунун экинчи абзацы «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттиги» деген сөздөрдөн кийин», Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматы, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги» деген сөздөр менен толукталсын;
- 4-пункт «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги» деген сөздөрдөн кийин», Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматы, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги» деген сөздөр менен толукталсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген, аскер кызматчыларын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерин кошкондо 2010-жылдын 6-7-апрелинде болуп өткөн окуялардын натыйжасында Кыргыз Республикасынын каза болгон жана жабыр тарткан жарандарынын үй-бүлө мүчөлөрүнө бир жолку материалдык жардам төлөө тартибинде:
- аталышы жана бүткүл текст боюнча «2010-жылдын 6-7-апрелинде болгон» деген сөздөр «Бишкек жана Талас шаарларында 2010-жылдын 6-7-апрелинде, ошондой эле Жалал-Абад шаарында 2010-жылдын 13-14-майында болгон» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2-пункттун үчүнчү жана төртүнчү абзацтары «2010-жылдын 7-апрелинде башка региондордо» деген сөздөрдөн кийин «, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында» деген сөздөр менен толукталсын;
- 3-пункттун 3.3-пунктчасы «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттиги» деген сөздөрдөн мурда «жабыр тарткан аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин тизмесин кошпогондо» деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 3.4-пунктча менен толукталсын:
«3.4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматы, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жабыр тарткан аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин тизмелеринин бирден нускасын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине беришет.»;
- төмөнкүдөй мазмундагы 10-1 пункту менен толукталсын:
«10-1. Жабыр тарткан аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине бир жолку материалдык жардам төлөө негизги иштеген жери жана кызматы боюнча жүргүзүлөт.».
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын социалдык саясат, коргонуу, коопсуздук жана укуктук тартип бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |