Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 7-октябры № 234
Айдаркен сымап ачык акционердик коому жөнүндө
Айдаркен сымап ачык акционердик коомунун иштешин камсыздоо, апрель жана июнь окуяларынан кийин өндүрүштүк циклди калыбына келтирүү максатында, Баткен облусунун социалдык-экономикалык өнүгүшү үчүн ишкананын маанилүүлүгүн, анын калкты иш менен камсыз кылуудагы маанисин эске алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр сунуш кылынсын:
1) «Электр станциялары», «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» жана «Кыргызгаз» ачык акционердик коомдоруна:
- Айдаркен сымап ачык акционердик коомунун 2010-жылдын 1-июлуна карата абалдагы эсептелген үстөк боюнча карызын толугу менен кечүү;
- Айдаркен сымап ачык акционердик коомунун негизги каражаттар боюнча 2010-жылдын 1-июлуна карата абалдагы карызын 5 (беш) жыл мөөнөткө, карызды жылдар боюнча бирдей бөлүштүрүү менен, реструктураланган карыздын суммасына үстөк эсептебестен реструктуралоо;
2) Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна Айдаркен сымап ачык акционердик коомунун камсыздандыруу взностору боюнча 11079 (он бир миллион жетимиш тогуз миң) сом суммадагы карызын 3 (үч) жыл мөөнөт менен реструктуралоо.
2. Айдаркен сымап ачык акционердик коому:
- кредитордук карызды ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык түзүлүүчү реструктуралоо жөнүндө келишимдерге катуу ылайык жоюуну камсыздасын;
- ушул токтомго ылайык түзүлүүчү келишимдер боюнча карызды жоюу мөөнөтү бузулган учурда бул токтомдун 1-пункту күчүн жоготту деп эсептелсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлиги Айдаркен сымап ачык акционердик коомунун кредитордук карызды ушул токтомго ылайык жоюуну камсыздоосун такай негизде контролдосун.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө тапшырылсын.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |