Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 11-октябрындагы № 239
Кыргыз Республикасынын резервдик фондунун каражаттары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн резервдик фондундагы каражаттардын калдыгын Кыргыз Республикасынын резервдик фондуна кириштесин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп эсептелсин:
- Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 29-апрелиндеги № 20 «Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн резервдик фонду жөнүндө» токтому;
- «Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 10-июнундагы № 73 «Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Резервдик фондунун каражаттарын топтоонун жана пайдалануунун тартибин бекитүү жөнүндө» токтому.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |