Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 13-октябрындагы № 241
Кыргыз Республикасынын жаранынын өздүк күбөлүгүн банк операцияларында колдонуу жөнүндө
2010-жылдын июнь айында Ош шаарынын, Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймагында болгон окуялардын кесепетинен жабыр тарткан жарандарга жардам көрсөтүү, ошондой эле Ош шаарындагы, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы турак үйлөрдү жана инфраструктура объекттерин тез арада калыбына келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2010-жылдын июнь айында Ош шаарынын, Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймагында болгон окуялардын кесепетинен жабыр тарткан жарандар үчүн Кыргыз Республикасынын жаранынын өздүк күбөлүгүн банк операцияларында пайдаланууга жол бериле тургандыгы белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 22-майындагы № 375 «Кыргыз Республикасынын жаранынын өздүк күбөлүгү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жаранынын өздүк күбөлүгү жөнүндө жобонун 19-пункту төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринде каралган учурларда жарандын өздүк күбөлүгүн нотариалдык бүтүмдөрдө жана банк операцияларында колдонууга жол берилет.».
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |