Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 18-октябрындагы №247
Билим берүү объекттерин куруу боюнча мамлекеттик заказчы жөнүндө
Республиканын билим берүү объекттерин курууга жумшалуучу республикалык бюджеттин каражаттарын натыйжалуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен билим берүү объекттерин куруу боюнча мамлекеттик заказчы болуп Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин капиталдык курулуш жана ремонттоо башкармалыгы аныкталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
- тиешелүү жылга мамлекеттик капиталдык салымдардын алдын ала көлөмдөрүнүн негизинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине белгиленген мөөнөттө мамлекеттик капиталдык салымдардын көлөмдөрүн жана аларды өздөштүрүү мөөнөттөрүн көрсөтүү менен Курулуштардын жана объекттердин тизмесине киргизүү жөнүндө сунуштарды берсин;
- белгиленген мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине демографиялык факторлорду жана мектептердеги окуучулардын санын эске алуу менен жалпысынан республика боюнча объекттерге картография жүргүзүүнүн негизинде аймактарга карата билим берүү объекттеринин келечектеги курулуш планына өтүнмөлөрдү берсин;
- тиешелүү жылга республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен бекитилген Курулуштардын жана объекттердин тизмесине ылайык капиталдык салымдардын көлөмдөрүн өз учурунда өздөштүрүүнү жана билим берүү объекттеринин курулушунун сапатын камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- пландалган жылга республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен тиркелген Курулуштардын жана объекттердин тизмесине ылайык билим берүү уюмдарынын курулушуна жумшалуучу мамлекеттик капиталдык салымдарды өз учурунда каржылоону камсыз кылсын;
- капиталдык салымдардын көлөмүнө долбоорлоо-изилдөө иштерин, анын ичинде долбоор алдындагы жана долбоордук иштерди каржылоону, ошондой эле зарыл болгон мектеп эмеректерин, техникалык жабдууларды жана инвентарларды бюджеттин мүмкүнчүлүгүнүн чегинде сатып алууга каражаттарды киргизсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-мартындагы № 147 «Кыргыз Республикасында курулуш тармагын өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» токтомунун 1-пунктунун тогузунчу абзацындагы «бирдиктүү заказчынын» ролундагы» деген сөздөр алып салынсын.
5. Бул токтом 2011-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын социалдык саясат бөлүмүнө жана өзгөчө кырдаалдар жана курулуш маселелери боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |