Редакцияот 21.10.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

 

2010-жылдын 21-октябрындагы №252

Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын районунун Жерге-Тал айылдык округунун аймагында жайгашкан жерлерди которуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 5 жана 20-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын Жер бөлүүгө байланыштуу маселелер боюнча республикалык комиссия менен макулдашылган сунушу кабыл алынсын жана Нарын облусунун Нарын районунун Жерге-Тал айылдык округунун аймагында жайгашкан 118,0 га жерди, анын ичинен 80,33 га - жайытты жана 37,67 га - башка жерди «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясына которулсун.

2. Бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлер «Сары-Жел» жана «Кум-Бел» алтын-вольфрам кендерин иштетүү үчүн «Рокизол» жоопкерчилиги чектелген коомуна (мындан ары - «Рокизол» ЖЧК) мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун мамлекеттик администрациясы:

- жерди эсепке алуу документтерине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;

- төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:

«Рокизол» ЖЧК айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана албай калган пайдаларынын наркынын суммасын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген ченемдерге ылайык төлөшүн;

«Рокизол» ЖЧК менен Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын районунун мамлекеттик администрациясы ылайык ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участокторуна Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ижаралоо келишимдерин түзүшүн;

- «Рокизол» ЖЧКны төмөнкүлөргө милдеттендирсин:

тийиштүү долбоордук документтерди бөлүнгөн жер участокто экологиялык жана техникалык коопсуздукту камсыздоо, жер казынасын коргоо жана пайдалануу жагындагы эксперттик корутундулары менен белгиленген тартипте иштеп чыгышын камсыздоого;

«Сары-Жел» жана «Кум-Бел» кендерин иштетүү үчүн объекттерди долбоорлоо жана куруу боюнча долбоордук-сметалык документтерди колдонуудагы нормаларга жана эрежелерге ылайык макулдашууга жана экспертизалоого;

жер казынасын иштетүү боюнча жумуштар аяктагандан кийин жерди рекультивациялоо боюнча иш-чаралардын жүргүзүлүшүн камсыздоого.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө тапшырылсын.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

Р.Отунбаева