Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 711 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 28-октябрындагы №261
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүү киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19 мартындагы № 169 , 2016-жылдын 12-декабрындагы № 654, 2020-жылдын 22-апрелиндеги № 212, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335, 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашырууну камсыз кылуу боюнча чаралар тууралуу» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы № 425 Жарлыгын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-ноябрындагы № 708 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жөнүндө» токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 28-апрелиндеги № 244 «Архив документтеринин сырын ачуу боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Архив документтеринин сырын ачуу боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жободо:
бүткүл текст боюнча ар кандай жөндөмөдөгү «Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин алдындагы Мамлекеттик архив агенттиги» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттиги» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
6-пункттагы «комитетинин» деген сөз «кызматынын» деген сөз менен алмаштырылсын;
- (Абзац Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомунун редакциясына ылайык)
2. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 654 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-апрелиндеги № 212 токтомуна ылайык күчүн жоготот)
4. (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-майындагы № 237 «Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден каржылануучу облустук, райондук, шаардык мамлекеттик архивдерди, ошондой эле архивдик мекемелерди Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин алдындагы Мамлекеттик архив агенттиги аркылуу республикалык бюджеттен каржылоого которуу жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- аталышы жана текст боюнча ар кандай жөндөмөдөгү «Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин алдындагы Мамлекеттик архив агенттиги» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо агенттигинин алдындагы Архив агенттиги» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
7. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы № 139 «Турак жай-курулуш кооперативдерине жер участокторун бөлүп берүү боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 3-пункттагы «Кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоо боюнча мамлекеттик агенттикке» деген сөздөр «Мамлекеттик каттоо кызматына» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укукту каттоо департаментинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин жергиликтүү органдарынын өкүлдөрү Комиссиянын төрагасынын орун басарлары болуп эсептелишет.».
9. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 15-январындагы № 13 «Жарандык абалдын актыларынын башкармалыгы жөнүндө» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 18-апрелиндеги № 213 «Айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн бирдиктүү айыл чарба салыгынын ставкаларын аныктоонун тартиби жөнүндө» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 16-октябрындагы № 647 «Айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн бирдиктүү айыл чарба салыгынын ставкаларын аныктоонун тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 18-апрелиндеги № 213 токтому менен бекитилген айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн бирдиктүү айыл чарба салыгынын ставкаларын аныктоо тартибине толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 27-январындагы № 29 «Калктуу конуштардагы жана айыл чарбалык эмес багыттагы жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгын эсептөө жана алуу тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 17-сентябрындагы № 590 «Кыймылсыз мүлк салыгын эсептөөнүн, билдирүүнүн жана бюджетке төлөөнүн тартиби жөнүндө типтүү жобону жана Кыймылсыз мүлккө салык салууда кыймылсыз мүлктү баалоо боюнча салык төлөөчүлөрдүн даттанууларын кароонун тартиби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 23-декабрындагы № 953 «Кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоого байланыштуу талаштарды кароо боюнча ведомстволор аралык эксперттик комиссия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-мартындагы № 183 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Кыймылсыз мүлк жана жер ресурстары боюнча региондор аралык жана Баткен зоналык борборлору жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу» токтому.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |
Тиркеме
Имакеев Медер Качыбекович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттигинин директору, комиссиянын төрагасы; |
Жумагулова Валентина Асанбековна | - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик борбордук саясий документтер архивинин бөлүмүнүн начальниги, комиссиянын жооптуу катчысы. |
Азизов Жаныш Мукашевич | - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин секретариатынын начальниги; |
Абдрисаева Бермет Дүйшөновна | - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча); |
Орозбаев Улан Анарбекович | - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын маалыматты коргоо боюнча бөлүмүнүн начальниги; |
Тогузбаева Нина Сергеевна | - Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигинин атайын бөлүгүнүн жетектөөчү адиси. |