Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 5-ноябрындагы №263
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-декабрындагы №687 «Депозиттерди коргоо фондусуна төгүмдөрдү эсептөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
«Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-декабрындагы №687 «Депозиттерди коргоо фондусуна төгүмдөрдү эсептөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому менен бекитилген Депозиттерди коргоо фондусуна төгүмдөрдү эсептөө тартиби жөнүндө жобого төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2.8-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: «Чет өлкөлүк валютадагы депозиттерди эсептөө үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төлөө ишке ашырылчу кварталдын акыркы күнүнө карата эсептик курсу колдонулат.»;
- 2.9-пунктундагы «(360 күн)» деген сөздөр алып салынсын;
- 2.10-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
- 2.12-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2.12. Депозиттерди коргоо фондусунун бардык катышуучу банктардын кепилдикке алынган депозиттеринин 15 пайызына барабар болгон максаттуу маанисине жетишилгенде банктар кварталдык негизде, эсептешүүчү кварталдан кийинки айдын 15-күнүнөн кечиктирбестен «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген өлчөмдө календарлык төгүмдү төлөөгө тийиш.»;
- 2.16-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2.16. Алгачкы жана календарлык төгүмдөр кварталдык негизде, эсептешүүчү кварталдан кийинки айдын 15-күнүнөн кечиктирбестен төлөнөт.»;
- 3.1 жана 3.2-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3.1. Катышкан банктар депозиттик базанын ар күнкү калдыктары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Депозиттерди коргоо боюнча агенттикке берилчү отчеттун формасынын тартибинде жана мөөнөттөрүндө маалыматтарды берүүгө тийиш.
3.2. Депозиттерди коргоо фондуна төгүмдөрдүн суммасын эсептөөнүн тууралыгын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Депозиттерди коргоо боюнча агенттик катышуучу банктар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Депозиттерди коргоо боюнча агенттикке беришкен депозиттик база жөнүндө маалыматтардын негизинде эсептөөлөрдү жүргүзүү жолу менен контролдойт.»;
- 3.4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3.4. Депозиттерди коргоо фондуна төгүмдөрдү катышуучу банк ушул Жободо каралган тартипте жана мөөнөттөрдө төлөйт, ал эми катышуучу банк төгүмдөрдү төлөбөгөн же толук эмес төлөгөн учурда акцепттик эмес тартипте эсептен чыгарылат, ал Агенттиктин катышуучу банк менен келишиминде каралууга тийиш. Акцепттик эмес тартипте эсептен чыгаруу мүмкүн болбогон учурда катышуучу банктын карызынын суммасына «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте үстөк салынат.»;
- 3.5-пункту «күн үчүн» деген сөздөрдөн кийин «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталчу төлөө датасына карата» деген сөздөр менен толукталсын;
- жогоруда аталган Жобонун тиркемесинде:
бешинчи абзацындагы «(Мыйзам күчүнө кирген күндөн кийинки чейрек) / 2) / 367-1» деген сөздөр «(Мыйзам күчүнө кирген күндөн кийинки чейрек) / 2) / (367-1)» деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |
|
|