Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 5-ноябрындагы №264
Баалуу металлдардан жасалган зергер (турмуш-тиричилик) буюмдарын энтамгалоо Эрежелерин бекитүү тууралуу
«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баалуу металлдардан жасалган зергер (турмуш-тиричилик) буюмдарын энтамгалоонун тиркелген Эрежелери бекитилсин.
2. «Кыргыз Республикасындагы баалуу металлдардан жасалган зергер (турмуш-тиричилик) буюмдарынын пробалары жама энтамгалоо жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 9-январындагы № 15 токтомунун 3-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Президентинин Финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом ал расмий жарыяланган күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-ноябрындагы № 264 токтому менен бекитилген |
Баалуу металлдардан жасалган зергер (турмуш-тиричилик) буюмдарын энтамгалоо эрежеси
1.1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Баалуу металлдарды пробирдик көзөмөлгө алуу инспекциясы (мындан ары - Инспекция) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик энтамгасын жеке сактоочу жана пайдалануучу болуп саналат.
Пробирдик энтамгалардын эскиздери «Баалуу металлдардан жасалган зергер жана башка турмуш-тиричилик буюмдары үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик энтамга Белгилерин бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 23-январындагы № 29 токтому менен бекитилген.
1.2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 9-январындагы № 15 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасындагы баалуу металлдардан жасалган зергер (турмуш-тиричилик) буюмдарынын пробалары жана энтамгалоо жөнүндө» Жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында баалуу металлдардан даярдалган сатууга эсептелген же тапшырыктар боюнча жасалган, ошондой эле чек арадан тышка алып чыгарылуучу бардык зергер жана башка турмуш-тиричилик буюмдары ушул Жободо белгиленген пробаларга ылайык келиши жана мамлекеттик пробирдик эн тамга менен эн тамгаланышы керек.
1.3. Баалуу металлдардын эритмелеринен же түстүү металлдуу баалуу металлдардан даярдалган буюмдар баалуу металлдардан жасалган буюмдар деп таанылат.
1.4. Баалуу металлдан даярдалган буюм жасалган эритиндинин куну баалуу металлдын салмак бирдигинин санын эритиндинин салмак бирдигинин миңдигинде көрсөткөн проба менен аныкталат.
Кыргыз Республикасында баалуу металлдардан жасалган зергер жана башка турмуш-тиричилик буюмдары үчүн төмөнкүдөй пробалар белгиленген:
- платинадан - 950 (тогуз жүз элүүнчү);
- алтындан - 375 (үч жүз жетимиш бешинчи);
- 500 (беш жүзүнчү);
- 585 (беш жүз сексен бешинчи);
- 750 (жети жүз элүүнчү);
- күмүштөн - 800 (сегиз жүзүнчү);
- 875 (сегиз жүз жетимиш бешинчи);
- 916 (тогуз жүз он алтынчы);
- 925 (тогуз жүз жыйырма бешинчи);
- 960 (тогуз жүз алтымышынчы);
- палладийден - 500 (беш жүзүнчү);
- 850 (сегиз жүз элүүнчү).
Зергердик өнөрканалар жана зергер усталар тарабынан алтындан 583 пробадагы буюмдарды даярдалышына жол берилет.
1.5. Төмөнкүлөр Инспекцияда энтамгаланууга жатпайт:
- жарым фабрикаттар жана баалуу металлдардын уютмалары;
- баалуу металлдардан жасалган тарыхый же археологиялык мааниси бар буюмдар, ошондой эле ордендер, медалдар жана тыйындар;
- курал-жарактарда, вазаларда, ийдиш-аяктарда, кутучаларда алтын жана күмүш чөгөрүлгөн оюулар (инкрустациялар);
- алтын тишкеп түпкүчтөрү, калемсап учтары, алтын жалатмалары;
- баалуу металлдардан даярдалган, илимий, өндүрүштүк жана башка атайын максаттар үчүн эсептелген приборлор, лабораториялык ийдиш-аяктар жана башка буюмдар.
1.6. Кыргыз Республикасына чет өлкөдөн ташылып келген жана сатууга эсептелген баалуу металлдардан жасалган зергер жана башка турмуш-тиричилик буюмдары милдеттүү түрдө энтамгалануусу тийиш.
1.7. Кыргыз Республикасынын аймагында мурда даярдалган жана «Ж» литердик айырмалоочу эски жалпы союздук энтамга менен энтамгаланган (беш жылдыз, орок жана балка белгиси) баалуу металлдардан жасалган буюмдар сатып өткөрүлөт.
2.1. Пробирдик энтамга элементтери төмөнкүлөр болуп саналат:
- күбөлөндүрүү белгиси - түндүк;
- негизги баалуу металлдын камтылышын лигатурдук эритиндинин салмак бирдигинин миңдигинде көрсөткөн проба (үч орундуу сан).
2.2. «А» (негизги) энтамга литери - күбөлөндүрүү белгиси, тегерек, түндүктүн энбелгиси менен; «Д» литер энтамгасы менен айкалышта алтын, күмүш, платина жана палладий буюмдарын энтамгалоо үчүн, ошондой эле калыс баалоодон өткөн буюмдарды энтамгалоо үчүн эсептелген.
2.3. «Б» (негизги) энтамга литери, калакча түрүндө - алтын буюмдарын энтамгалоого эсептелген; күбөлөндүрүү белгисинен (түндүк) жана белгиленген: 375, 500, 583, 585, 750 пробаларынын биринен турат.
2.4. «Б» (негизги) энтамга литери, кертилген тик бурчтук түрүндө платинадан жасалган буюмдарды энтамгалоо үчүн эсептелген; күбөлөндүрүү белгисинен (түндүк) жана 950 санынан турат.
2.5. «Б» (негизги) энтамга литери, жогорку жана төмөнкү жактары томпок тик бурчтук түрүндө - күмүш буюмдарын энтамгалоо үчүн эсептелген; күбөлөндүрүү белгисинен (түндүк) жана белгиленген: 800, 875, 916; 925, 960 пробаларынын биринен турат.
2.6. «Б» (негизги) энтамга литери, кертилген-сүйрү тариздүү - палладий буюмдарын энтамгалоо үчүн эсептелген; күбөлөндүрүү белгисинен (түндүк) жана белгиленген: 500, 850 пробаларынын биринен турат.
2.7. «Д» (кошумча) энтамга литери, тик бурчтук тариздүү - алтын буюмдарын энтамгалоого эсептелген; белгиленген: 375, 500, 583, 585, 750 пробаларынын биринин сандык туюнтулушунан турат.
2.8. «Д» (кошумча) энтамга литери, кертилген тик бурчтук тариздүү - платинадан жасалган буюмдарды энтамгалоо үчүн эсептелген; 950 санынан турат.
2.9. «Д» (кошумча) энтамга литери, жогорку жана төмөнкү жактары томпок тик бурчтук тариздүү - күмүштөн жасалган буюмдарды энтамгалоо үчүн эсептелген; белгиленген: 800, 875, 916; 925, 960 пробаларынын биринин сандык туюнтулушунан турат.
2.10. «Д» (кошумча) энтамга литери, тегерек тариздүү - палладий буюмдарын энтамгалоого эсептелген; 500, 850 сандарынан турат.
2.11. «НП» энтамга литери, тик бурчтук тариздүү, белгиленген пробаларга ылайык келбеген буюмдарды эн тамгалоо үчүн колдонулат.
3.1. Зергерчилик ишканалары жана зергер-чеберлер тарабынан Инспекцияга көрсөтүлгөн жаңы жана калыбына келтирилген баалуу металлдардан жасалган буюмдардын негизги бөлүгүндө жасоочунун (зергер буюмдардын даярдоочусун күбөлөндүрүүчү белгиси) атынын так изи болушу керек.
Буюмдун колдонулушун аныктоочу бөлүгү, мисалы, сөйкөнүн - сагагы, шакектин - көзү ж.б. зергер буюмдун негизги бөлүгү болуп саналат. Энтамганын тагы, эреже катары, даярдоочунун атынын изинин оң жагына салынат.
3.2. Энтамгалоо үчүн берилген буюм как кургатылган, ширендиден, кирден, май тактарынан дыкат тазаланган, ошондой эле отко какталган болушу керек.
Даярдоочулар баалуу металлдардан жасалган буюмдарды энтамгалоого толук бүткөн жана чогултулган түрүндө, бардык бөлүктөрү болгондо гана берүүгө милдеттүү. Буюмду чогултулган түрүндө энтамгалоого болбогон өзгөчө учурларда, даярдоочуга буюмду ажыратылган түрүндө, бирок бардык бөлүктөрү менен чогуу энтамгалоого берүүгө уруксат берилет.
3.3. Зергерчилик ишканалары буюмдардын жаңы үлгүлөрүн иштеп чыгууда Инспекция менен буюмдардагы пробирдик энтамгалардын жана чеберлердин белги изин салуу үчүн аянтчанын жайгашуусун макулдашууга милдеттүү.
Пробирдик энтамганын так жана рельефтүү изин салуу максатында пробирдик энтамга салынуучу аянтча кынтыксыз даярдалышы (жылтыратылышы) керек.
3.4. Зергерчилик ишканалар биротоло жасалгалап бүтүрүүдө пробирдик энтамгаларды жана чеберлердин белги изин бузулуудан жана майышуудан сактоого милдеттүү.
Даярдоочулар тарабынан издер жылмаланып жана майышылып калган учурда буюмдарды кайра энтамгалоо жалпы негиздерде жүргүзүлөт.
4.1. Баалуу металлдардан жасалган буюмдарды энтамгалоо бул буюмдарды пробирдик ташта сыноодон же контролдук талдоодон кийин гана жүргүзүлөт.
4.2. Ата мекендик өндүрүштүн бардык буюмдары негизги бөлүгүндө тиешелүү маталлдын жана пробанын «Б» литеринин энтамгасы менен энтамгаланат.
Баалуу металлдардан жасалган буюмдардын негизги бөлүгүнө «Б» литеринин энтамгасын коюу мүмкүн болбогондо, чебердин белгисинин ордуна тиешелүү пробадагы «А» литеринин жана «Д» литеринин энтамгасы менен энтамгаланат. Баалуу металлдардан жасалган буюмдардын экинчи даражадагы жана кошумча бөлүктөрү (эгерде алар оюктуу болсо) «Д» литеринин энтамгасы менен энтамгаланат. Экинчи даражадагы жана кошумча бөлүктөрүнүн көлөмү жана жайгашуусу аларга «Д» литеринин энтамгасын коюуга мүмкүнчүлүк бербеген учурларда, андай бөлүктөрдөгү баалуу металлдардын камтылышы пробирдик энтамганы салуу менен күбөлөндүрүлбөйт, жана бул бөлүктөрдөгү эритиндилердин пробасы үчүн жоопкерчиликти ушул буюмдун даярдоочусу тартат.
Бир эритиндинин жабыштырып ширетилген жана ажыратылгыс экинчи даражадагы жана кошумча бөлүктүү буюмдар бир бүтүндүк катары каралат жана буюмдун негизги бөлүгүндө гана энтамгаланат.
4.3. Баалуу металлдардан жасалган чет өлкөлүк өндүрүштүн буюмдары, ошондой эле мурун даярдалган жана беш жылдыздуу, орок жана балка энбелгилүү мурунку СССРдин үлгүсүндөгү энтамга менен энтамгаланган («Ж» литерлүүдөн тышкары) буюмдар милдеттүү түрдө буюмдагы баалуу металлдын камтылышын күбөлөндүрүүчү «Д» литеринин энтамгасы менен кайра энтамгалануусу тийиш.
4.4. Баалуу металлдардан жасалган энтамгалоо үчүн берилген жаңы буюмдар же алардын айрым бөлүктөрү билдирилген пробага ылайык келбеген жана жол берилген четтөөлөрдүн чегинен чыгып кеткен учурларда, - аларга «НП» (пробасы аныкталбай калуу) энтамгасы салынгандан кийин даярдоочуга кайтарылып берилет. Айрым учурларда буюм төмөнкү пробага өткөрүлүшү жана тиешелүү эмтамга менен энтамгаланышы мүмкүн.
4.5. Билдирилген пробага ылайык келбеген жана жол берилген четтөөлөрдүн чегинен чыгып кеткен баалуу металлдардан жасалган чет өлкөлүк өндүрүштүн буюмдары, буюмдардын ээсинин макулдугу менен жакынкы төмөнкү белгиленген пробадагы энтамга менен энтамгаланат, ал эми макулдук болбогондо - энтамгаланбаган түрдө кайтарылып берилет.
4.6. Белгиленген эң төмөнкү пробадан да төмөн пробалуу буюмдар энтамгаланууга жана баалуу металлдардан жасалган буюм катары сатылып өткөрүлүүгө жатпайт. Көрсөтүлгөн буюмдар «НП» литеринин энтамгасы менен энтамгаланат жана бижутерия катары сатылып өткөрүлүшү мүмкүн.