Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 9-ноябры № 273
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 11-ноябрындагы № 531 «Объекттерди Кыргыз Республикасынын жергиликтүү коомдорунун коммуналдык менчигине өткөрүп берүүнүн тартиби жөнүндө» токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу
«Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жана жергиликтүү коомчулуктардын муниципалдык менчигин түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин Кыргыз комплекстүү гидрогеологиялык экспедициясынын Сокулук гидрогеологиялык партиясынын Сары-Камыш участогунун өндүрүштүк базасынын объекттери Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айыл округуна муниципалдык менчикке өткөрүп берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 11-ноябрындагы № 531 «Объекттерди Кыргыз Республикасынын жергиликтүү коомдорунун коммуналдык менчигине өткөрүп берүүнүн тартиби жөнүндө» токтому менен бекитилген Ысык-Көл облусу боюнча жергиликтүү коомчулуктарга-айыл өкмөттөрүнө коммуналдык менчикке өткөрүп берилген объекттердин тизмесине төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- «Ысык-Көл району» бөлүгүнүн «Тору-Айгыр айыл өкмөтү» бөлүм
төмөнкүдөй мазмундагы позиция менен толукталсын:
«
«Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин Кыргыз комплекстүү гидрогеологиялык экспедициясынын Сокулук гидрогеологиялык партиясынын Сары-Камыш участогунун өндүрүштүк базасынын объекттери, анын ичинде: | 1 | 1415,6 |
а) материалдык-техникалык кампа | 1 | 166,0 |
б) машина үчүн профилакторий | 1 | 79,3 |
в) цемент кампасы | 1 | 55,0 |
г) майдалоочу цех | 1 | 82,2 |
д) администрациялык-тиричилик комплекс | 1 | 62,6 |
е) отказан | 1 | 151,5 |
ж) кир жуугуч | 1 | 11,2 |
з) ашкананын кошумча курулган жайы | 1 | 4,7 |
и) радиацияга каршы баш калкалоочу жай | 1 | 4,5 |
к) өрткө каршы резервуардын имараты | 1 | 16,0 |
л) жыгач иштетүүчү цехтин имараты | 1 | 29,6 |
м) мончо-кир жуугуч комбинат | 1 | 26,0 |
н) оңдоо-механикалык устакананын имараты | 1 | 415,9 |
о) керн сактоочу жай | 1 | 12,5 |
п) ширетүү үчүн бастырма | 1 | 29,0 |
р) жуугуч аянтча | 1 | 25,6 |
с) мөмө-жемиш сактоочу жай | 1 | 131,3 |
т) кабель линиясы (70 м) | 1 | 0,5 |
у) асма электр линиясы (90 м) | 1 | 1,1 |
ф) сырткы жарык берүү (12 даана) | 1 | 0,9 |
х) кире берүүчү жол (80 м) | 1 | 64,4 |
ц) жатакана имараты | 1 | 45,8 |
».
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин Кыргыз комплекстүү гидрогеологиялык экспедициясынын Сокулук гидрогеологиялык партиясынын Сары-Камыш участогунун өндүрүштүк базасынын объекттерин Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин Кыргыз комплекстүү гидрогеологиялык экспедициясынын балансынан Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айыл округуна белгиленген тартипте муниципалдык менчикке өткөрүп берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы ушул токтомдун 2-пунктунда аталган объекттерди каттасын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигине (макулдашуу боюнча) жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |