Редакцияот 18.11.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2010-жылдын 18-ноябры № 281

Ыктыярдуу патенттин негизинде салык төлөгөн жеке жактардын ишине салык кызматынын органдарынын хронометраждык иликтөөлөрдү жүргүзүүсүнө мораторий жарыялоо жөнүндө

Экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүүгө көмөк көрсөтүү, ыктыярдуу патенттин негизинде салык төлөгөн жеке жактардын ишине ашыкча кийлигишүүнү жоюу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ыктыярдуу патенттин негизинде салык төлөгөн жеке жактардын хронометраждык иликтөөлөрдү жүргүзүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү кайрылуусун-арызын алган учурларды кошпогондо, ыктыярдуу патенттин негизинде салык төлөгөн жеке жактардын ишине салык кызматынын органдарынын хронометраждык иликтөөлөрдү жүргүзүүсүнө мораторий жарыялансын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет жана 2010-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

Р. Отунбаева