Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 19-ноябры №288
Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясына автомашина берүү жөнүндө
Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы Кытай Эл Республикасы грант катары берген, 2007-жылы чыгарылган, кузов № LSJW16№317JI017034, кыймылдаткыч № 25K4FA010006865 "Rover 750 D" маркасындагы автомашинаны Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясына белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
2. Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы ушул токтомдун 1-пунктунда аталган автомашинаны кызматтык автотранспорт катары пайдалануу үчүн балансына белгиленген тартипте кабыл алсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы ушул токтомдун 1-пунктунда аталган автомашина Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын балансына өткөрүп берилген учурдан баштап бажы алымдарынын жана салыктардын шарттуу түрдө эсептелген суммаларын төлөө боюнча милдеттенмелер токтотулду деп эсептесин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын социалдык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | Р.Отунбаева |