Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 19-ноябры №289
Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясына имаратты өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын ишинин натыйжалуулугун көтөрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаары, Ленин көчөсү, 45 дарегинде жайгашкан турак жайлык эмес имарат, тиешелүү аймагы менен Жалал-Абад облустук телерадиокомпаниясынын теңдеминен Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын теңдемине өткөрүп берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Жалал-Абад шаары, Ленин көчөсү, 45 дарегинде жайгашкан турак жайлык эмес имаратты тиешелүү аймагы менен Жалал-Абад облустук телерадиокомпаниясынын теңдеминен Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын теңдемине белгиленген тартипте өткөрүп берүүнү жана жол-жоболоштурууну камсыз кылсын.
3. Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясы өзүнүн чечимдерин эки айлык мөөнөттө ушул токтомго ылайык келтирсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы тиешелүү аймагы менен ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн имаратка укукту каттоону белгиленген тартипте жүзөгө ашырсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Президентинин Маалыматтык-координациялык борборуна жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | Р.Отунбаева |