Редакцияот 24.11.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

 

2010-жылдын 24-ноябры №296

Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районундагы Дөң-Булак айыл округунун жерлерин "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине ылайык, Ош облусунун Өзгөн районундагы Дөң-Булак айыл округунун калкынын социалдык-экономикалык муктаждыктарын чечүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ош облустук мамлекеттик администрациясынын Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча республикалык комиссия менен макулдашылган Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районундагы Дөң-Булак айыл округунун аймагында жайгашкан Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринен 4,0 га кайрак айдоону "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу жөнүндөгү сунушу кабыл алынсын.

2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлер "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которулсун.

3. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик администрациясы:

- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;

- бекитилген шаар куруу документтерине ылайык жер участкасына менчик укугун берүүнү жана бөлүп берүүнү жүргүзсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р.Отунбаева