Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 25-ноябры № 297
Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигине берилүүчү Аманаттарды коргоо системасынын катышуучу банкынын, катышуучу микрофинансылык компаниясынын, катышуучу турак жай-сактык кредиттик компаниясынын отчетунун формасы жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 826, 2019-жылдын 5-декабрындагы № 662 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигине берилүүчү Аманаттарды коргоо системасынын катышуучу банкынын, катышуучу микрофинансылык компаниясынын, катышуучу турак жай-сактык кредиттик компаниясынын отчетунун формасы жөнүндө тиркелген нускама бекитилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 826, 2019-жылдын 5-декабрындагы № 662 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2010-жылдын 30-ноябрында № 109 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| Р.Отунбаева |