Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 25-ноябры №303
"Вашингтон шаарында 2010-жылдын 9-октябрында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы "Айыл чарбалык инвестициялар жана кызмат көрсөтүүлөр" долбоору үчүн азык-түлүк кризисине тез чара көрүү боюнча Европа Союзунун программасынын (МАР) №096043 гранты боюнча макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Вашингтон шаарында 2010-жылдын 9-октябрында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы "Айыл чарбалык инвестициялар жана кызмат көрсөтүүлөр" долбоору үчүн азык-түлүк кризисине тез чара көрүү боюнча Европа Союзунун программасынын (МАР) № 096043 гранты боюнча макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого биринчи кезекте жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын финансы министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти | Р.Отунбаева |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Вашингтон шаарында 2010-жылдын 9-октябрында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы "Айыл чарбалык инвестициялар жана кызмат көрсөтүүлөр" долбоору үчүн азык-түлүк кризисине тез чара көрүү боюнча Европа Союзунун программасынын (МАР) № 096043 гранты боюнча макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
1-берене
Вашингтон шаарында 2010-жылдын 9-октябрында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы "Айыл чарбалык инвестициялар жана кызмат көрсөтүүлөр" долбоору үчүн азык-түлүк кризисине тез чара көрүү боюнча Европа Союзунун программасынын (МАР) № 096043 гранты боюнча макулдашуу ратификациялансын.
2-берене
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда аталган Макулдашуу күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы жөнүндө Дүйнөлүк банкка (МАР) маалымдасын.
3-берене
Бул Мыйзам кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|