ТоктомКүчүн жоготту

КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-декабрындагы №308 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-июнундагы № 377»Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында жашаган жана иштеген адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө«токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2026-жылдын 5-июнундагы № 398

токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

 

2010-жылдын 7-декабры №308

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-июнундагы

№ 377 "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы

зоналарында жашаган жана иштеген адамдарга мамлекеттик колдоо

көрсөтүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

"Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-июнундагы №377 "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында жашаган жана иштеген адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 4, 6 жана 7-пункттарындагы "жана социалдык өнүктүрүү" деген сөздөр "ишке орноштуруу жана миграция" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- аталган токтомдун 1-тиркемесинде:

"Нарын облусу" деген бөлүмүндө:

- "Нарын району" бөлүмчөсүнүн "Райондук коэффициент" деген графасында:

37-пунктундагы "1,20" деген сан "1,30" деген санга алмаштырылсын;

"Ош облусу" бөлүмүндө:

- "Чоң-Алай району" бөлүмчөсүнүн "Райондук коэффициент" деген графасында:

"2-пунктундагы "1,60" деген сан "1,80" деген санга алмаштырылсын;

- "Кадамжай району" бөлүмчөсүнүн "Райондук коэффициент" деген графасында:

1-пункту алып салынсын;

2 жана 3-пункттарындагы "1,25" жана "1,20" деген сандар "1,30" деген санга алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында жашаган элге эмгек акыларына жана башка социалдык төлөмдөрүнө кошумчаларды берүү үчүн керектүү финансылык каражатты республикалык бюджеттен өз убагында бөлүүнү камсыздасын.

3. Бул токтом 2011-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

Р.Отунбаева