Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 16-декабры №325
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ортосундагы Ресурстук макулдашуу жөнүндө
Мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун камсыздоо, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин финансы жана адам ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга өбөлгө болуучу шарттарды түзүү аркылуу кадрлардын агымын төмөндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ортосундагы Ресурстук макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине жана Кыргыз Республикасынын юстиция министрине ушул токтомдун 1-пункту менен жактырылган Ресурстук макулдашууга белгиленген тартипте кол коюу тапшырылсын.
3. Ресурстук макулдашуунун иштөө мөөнөтү бүткөнгө чейин аны бир тараптуу өзгөртүүгө же ажыратууга болбостугу аныкталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алынчу атайын каражаттарды өз алдынча пайдаланууга укук берилсин;
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жана анын аймактык, ведомстволук бөлүктөрүнүн кызматкерлерин сыйлоо тартибин жөнгө салуучу ведомстволук актыны иштеп чыксын жана бекитсин.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | Р.Отунбаева |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-декабрындагы №325 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ортосундагы РЕСУРСТУК МАКУЛДАШУУ
1.1. Бул Ресурстук макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу) анын тараптары болуп аталышкан Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги (мындан ары - Юстиция министрлиги) тарабынан Жобонун негизинде аракеттенген юстиция министри _____________________________________________ менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги (мындан ары - Финансы министрлиги) тарабынан Жобонун негизинде аракеттенген финансы министри _________________________________________________ ортосунда түзүлдү.
1.2. Бул макулдашуунун негизги максаты болуп Юстиция министрлигинин финансылык жана адам ресурстарын бөлүштүрүүдө жана башкарууда анын жетекчилиги тарабынан оптималдуу чечимдерди кабыл алуу аркылуу Юстиция министрлигине жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу боюнча мыкты натыйжаларга жетишүү саналат.
2.1. Ушул макулдашуунун предмети болуп Юстиция министрлигинин жетекчилигине министрликтин каржы жана адам ресурстарын натыйжалуу бөлүштүрүү боюнча ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү эсептелет.
2.2. Бул макулдашууда Юстиция министрлиги үчүн кошумча бюджеттик каражаттарды бөлүү карабайт. Ошол эле мезгилде үнөмдөлгөн финансылык ресурстар толук бойдон Юстиция министрлигинде кала берет.
3.1. Финансылык ресурстар болуп Юстиция министрлигинин эмгек акы төлөө фондун, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык түшүүчү атайын каражаттарын кошуп алганда министрликтин борбордук аппаратын жана анын аймактык, ведомстволук бөлүнүштөрүн каржылоо үчүн республикалык бюджетте каралган каражаттар эсептелет.
3.2. Адам ресурстары болуп Юстиция министрлигинин борбордук аппаратынын, ошондой эле анын төмөнкү аймактык ведомстволук бөлүнүштөрүнүн кызматкерлери эсептелет:
- облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын юстиция башкармалары;
- Юстиция министрлигине караштуу Борбордук күрөө каттоо конторасы;
- Юстиция министрлигине караштуу Соттук экспертизалардын мамлекеттик борбору.
4.1. Юстиция министрлиги төмөнкүлөргө укуктуу:
- сметалык арналыштарды кварталдар боюнча, республикалык бюджетте Юстиция министрлигине тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде экономикалык квалификациядагы сарптоолордун беренелери боюнча, Финансылык министрлигине белгиленген тартипте билдирүү менен өзгөртүү;
- иш процессинде бошотулган атайын каражаттарды өз алдынча пайдалануу, анын ичинде:
Юстиция министрлигинин жана анын аймактык, ведомстволук бөлүнүштөрүнүн мамлекеттик кызматчыларын акчалай сыйлоого;
Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин алкагында Кыргыз Республикасынын чегинен тышкарыда окушкан кызматкерлердин жол киресине жана жашоосуна байланышкан чыгымдарды каржылоого;
кызматкерди кызматтык иш сапарга жөнөтүүдө иш сапарга байланышкан чыгымдарын төлөөгө.
4.2. Юстиция министрлиги финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча Финансы министрлигине финансылык ресурстардын белгиленген тартипте пайдаланылганы жөнүндө маалымат берүүгө милдеттүү.
4.3. Форс-мажордук жагдайлар болгон учурда Финансы министрлиги өтүп жаткан жылга республикалык бюджетте Юстиция министрлиги үчүн бекитилген сарптоолорду кыскартуу жөнүндө сунуштарды киргизүү менен Юстиция министрлигин республикалык бюджетке кирешенин иш жүзүндө түшүшүнө жараша каржылоого укуктуу.
4.4. Финансы министрлиги төмөнкүлөргө милдеттүү:
- республикалык бюджетте Юстиция министрлигине каралган финансылык каражаттарды Тараптар макулдашкан сметалык дайындоолорго ылайык ай сайын өз убагында бөлүп берүүгө;
- Юстиция министрлигинин сунушу боюнча Юстиция министрлигинин борбордук аппаратынын жана анын аймактык, ведомстволук бөлүнүштөрүнүн сарптоолор сметасына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө.
5.1. Форс-мажорлук кырдаалдар болуп республикалык бюджетти аткаруунун жүрүшүндө пайда болушу жана бюджеттин киреше бөлүгүнүн азайышына алып келиши мүмкүн болгон күтүлбөгөн жагдайлар эсептелет.
6.1. Бул макулдашуу Тараптар кол коюшкан күндөн тартып күчүнө кирет жана 2013-жылдын 31-декабрына чейин жарактуу.
6.2. Бул Макулдашууну анын иштөө мөөнөтү бүткөнгө чейин бир тараптуу өзгөртүүгө же бузууга болбойт.
Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын
юстиция министри финансы министри
___________________________ ____________________________
(аты-жөнү) (аты-жөнү)
2010-ж. "__"_______________ 2010-ж. "__" _______________
КР Өкмөтүнүн
2014-жылдын 22-октябрындагы № 609 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ