Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 17-декабры №331
Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарынын жана калкынын 2010/2011-жылдагы күзгү-кышкы мезгилге даярдыгы жана абалы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2010/2011-жылдагы жылуулук мезгилине республиканын экономикасынын тармактарын жана калкын даярдоо боюнча белгилүү бир иш-чараларды министрликтер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, отун-энергетикалык комплекстин ишканалары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-июнундагы № 88 "Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2010/2011-жылы күзгү-кышкы мезгилге даярдоо жана Токтогул суу сактагычындагы сууну зарыл болгон көлөмдө топтоо боюнча чаралар жөнүндө" жана 2010-жылдын 9-сентябрындагы № 202 "Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2010/2011-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоонун жүрүшү жөнүндө" токтомдоруна ылайык жүргүзүшкөнүн белгилейт.
2010-жылдын 1-декабрына карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 19,025 млрд. куб. метрди түзгөн, бул 2009-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 6,669 млрд. куб. метрге көп, бул көрсөткүч 2009-жылы 12,356 млрд. куб. метрди түзгөн.
2010-жылдын 10 айында энергиялык система 9225,5 млн. кВтс электр энергиясын өндүргөн, бул 2009-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 696,2 млн. кВтс электр энергиясына же 108 процентке көп.
"Электрдик станциялар" ачык акционердик коому 2010-жылдын 1-декабрына карата 1429,81 млн. кВтс өлчөмүндөгү электр энергиясын экспорттогон, бул 2009-жылдагы электр энергиясын экспорттоонун өлчөмүнүн 165 процентин түзгөн.
Энергетикалык компаниялар коюлган милдеттерге ылайык электр жабдууларын оңдоону аякташты, мунун өзү жылытуу сезонун өз убагында баштоого мүмкүндүк берди.
Оңдоо өнөктүгүн өз убагында камсыздоо энергетикалык компаниялардын финансылык абалын жакшыртуунун эсебинен жетишилди.
Бөлүштүрүүчү энергетикалык компаниялар электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү жыйноо боюнча кырдаалды турукташтыра алды. 2010-жылдын апрель-ноябрында колдонулган электр энергиясы үчүн эсептерди төлөө 3,2 млрд. сом суммасында жүргүзүлдү же товардык продукциянын 100 процентин түздү. 2009-жылдын ушул мезгилине салыштырганда төлөмдөрдү жыйноо 20 процентке өстү.
Ошону менен бирге эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшырмаларын айрым ведомстволор толук эмес аткаргандыктан республиканын экономикасынын тармактарын жана калкын 2010/2011-жылдагы күзгү-кышкы мезгилге даярдоо боюнча иш-чараларды жүзгө ашыруу кечеңдөөдө.
2010-жылдын 1-декабрына карата республика боюнча отун төмөнкүдөй даярдалган:
- көмүр - 1230,9 миң тонна же пландын 88,5 проценти;
- мазут - 35,7 миң тонна же пландын 88 проценти.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшырмасына ылайык Бишкек шаарынын ЖЭБине 325,2 миң тонна көмүр жеткирилген же тапшырманын 48,5 проценти аткарылган, анын ичинде импорттолуучудан 274,3 миң тонна же 45,7 проценти жеткирилсе, Кыргызстандан өзүнөн 51,0 миң тонна же 73 проценти жеткирилген.
2010-жылдын 1-декабрына карата Бишкек шаарынын ЖЭБинин кампаларындагы көмүрдүн калдыгы 231,9 миң тоннаны түздү.
Бишкек шаарынын ЖЭБине 17,492 миң тонна отун мазуту жеткирилген, ал эми план боюнча 10,0 миң тоннаны түзөт.
"Кыргызнефтигаз" ачык акционердик коому Ош шаарынын ЖЭБине жана "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын отканаларына мазут жеткирүү боюнча пландык тапшырманы аткарган эмес. 2010-жылдын апрель-ноябрында Ош шаарынын ЖЭБине пландагы 6,5 миң тоннанын ордуна 5,4 миң тонна отун мазуту жеткирилген же 83 процентти түзгөн, Кыргызтуракжайкоммунсоюзга 6,7 миң тонна жеткирилип, 706 тонна жетпей калган.
"Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасы 36,82 миң тонна көмүр же пландын 69,9 процентин даярдап, 11,82 миң тонна мазут же пландын 97,7 процентин даярдаган.
"Бишкекжылуулукэнергия" коммуналдык ишканасы боюнча отун жеткирүү жеткирүүнүн бекитилген графигине ылайык жүргүзүлүүдө. 2010-жылдын 1-декабрына карата көмүр 4,9 миң тонна же 79 процентке, мазут 650 тонна же 72,2 процентке даярдалган.
Министрликтер жана администрациялык ведомстволор бюджеттик ведомстволук уюмдар үчүн 2010-жылдын 1-декабрына карата 134,8 миң тонна көмүр же пландын 86,7 процентин даярдашкан.
Калктын көмүрдү даярдоосу 770,9 миң тоннаны же 2010-жылдын апрель-ноябрына коюлган пландын 136,4 процентин түзгөн. Калктын көмүрдү даярдоосунун эң көп өлчөмү Чүй облусу боюнча - пландын 452 проценти, ал эми эң аз өлчөмү Талас облусу боюнча - пландын 64 проценти камсыз кылынган.
"Кыргызгаз" ачык акционердик коомунун (мындан ары - "Кыргызгаз" ААКы) финансылык абалы абдан тынчсызданууну жаратууда. Газ керектөөчүлөрүнүн дебитордук карызы системалуу түрдө өсүп жатат жана 2010-жылдын 7-декабрына карата бюджеттик уюмдардын карызы 126,2 млн. сомду түздү, анын ичинде "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасы боюнча - 67,4 млн. сомду, "Бишкекжылуулукэнергия" коммуналдык ишканасы боюнча - 51,7 млн. сомду, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги боюнча - 7,2 млн. сомду түздү. "Кыргызгаз" ААКынын "Өзбекгаз" акционердик компаниясына болгон карызы 5660,0 миң АКШ долларын түздү.
Камбар-Ата ГЭС-2ни куруу жүрүп жатат. 2010-жылдын 27-ноябрында Камбар-Ата ГЭС-2нин биринчи гидроагрегаты электрдик чыңалууну иштеп чыга баштады.
Жогоруда баяндалгандарды эске алып, республиканын отун-энергетикалык комплексинин 2010/2011-жылдын күзгү-кышкы мезгилинде ишенимдүү иштөөсүн камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарынын жана калкынын 2010/2011-жылдын күзгү-кышкы мезгилине даярдыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын энергетика министринин маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, министрликтердин жетекчилери 2010/2011-жылдын күзгү-кышкы мезгилин ийгиликтүү өтүү боюнча белгиленген иш-чараларды аткаруу боюнча иштиктүү чараларды көрүшсүн.
3. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, министрликтердин, администрациялык ведомстволордун жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары электр, жылуулук энергиясына, газга болгон ишканалардын жана калктын дебитордук карыздарын тындырууда отун-энергетикалык комплекстин ишканаларына ар тараптуу көмөк көрсөтүшсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы "Көмүр" мамлекеттик ишканасы жана "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасы, "Электрдик станциялар", "Кыргызстандын улуттук электр тармактары", "Кыргызгаз", "Кыргызнефтигаз", "Түндүк электр", "Чыгыш электр", "Ош электр", "Жалал-Абад электр", "Бишкекжылуулуктармагы" ачык акционердик коомдору жана "Бишкекжылуулукэнергия" коммуналдык ишканасы менен бирдикте:
- энергиялык системанын ишенимдүү иштөөсүн, керектөөчүлөрдү жылуулук, электр энергиясы жана газ менен үзгүлтүксүз жабдууну камсыз кылсын;
- отунду тапшырмага ылайык жана белгиленген мөөнөттө жылуулук электр станцияларына жана отканаларга жеткирүүнү камсыз кылсын;
- 2011-жылга отун-энергетикалык ресурстарды экспорттоо жана импорттоо жөнүндө маселени кызыкдар министрликтер менен бирдикте иштеп чыксын;
- 2011-жылы Кыргыз Республикасынын энергия системасынын Борбордук Азия бириктирилген энергетикалык системанын курамында туруктуу иштөөсүн камсыз кылуу боюнча зарыл болгон чараларды көрсүн;
- 2011-жылга Кыргыз Республикасы үчүн газ берүү тууралуу "Өзбекгаз" акционердик компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн;
- 2011-жылдын 1-январына чейин Казакстан Республикасынан 10 миң тонна өлчөмүндөгү отун мазутун Ош шаарынын ЖЭБине жеткирүүнү камсыз кылсын.
5. Бишкек шаарынын мэриясына жаңы конуштардагы электр тармактарын жана электр энергетикалык жабдууларды курууну каржылоо маселесин иштеп чыгуу жана чечүү сунуш кылынсын.
6. Кыргыз Республикасынын Суу чарба жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги "Электрдик станциялар" ачык акционердик коому менен бирдикте коңшу мамлекеттер менен 2011-жылга суу-энергетикалык кызматташтык жөнүндө маселени иштеп чыгышсын.
7. Министрликтерге, администрациялык ведомстволорго, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына Кыргыз Республикасынын улуттук энергия системасынын жүктөмдөрүнүн эртең мененки жана кечки максимуму сааттарында электр энергиясын керектөөнү чектөө жолу менен энергия системасынын иштөөсүнүн ишенимдүү режимдерин сактоо боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү сунуш кылынсын.
8. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы "Көмүр" мамлекеттик ишканасы көмүрдү Бишкек шаарынын ЖЭБинин жана "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын отун базаларына жеткирүүнүн графигин сактоону камсыз кылсын.
9. Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2010/2011-жылдын күзгү-кышкы мезгилине даярдоо жана суу-энергетика кырдаалды турукташтыруу боюнча республикалык штаб республиканын экономикасынын тармактарынын жана калкынын 2010/2011-жылдын жылытуу мезгилинен өтүүсүнө туруктуу контролдоо жүргүзсүн.
10. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.
11. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | Р.Отунбаева |