Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы № 149 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 24-декабры № 339
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-декабрындагы № 805 токтомунун төртүнчү - жыйырма экинчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
А. Атамбаев |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамы
Момуналиев Н.С. | - Кыргыз Республикасынын министри - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы; |
Фаттахов Б.А. | - Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин директору, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча). |
Комиссиянын мүчөлөрү:
Мамидинова Ч.К. | - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин статс-катчысынын милдетин аткаруучу;
|
Абдыгулов Т.С. | - Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигинин статс-катчысынын милдетин аткаруучу;
|
Бекишов У.Д. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы;
|
Байжуманов Д.Б. | - Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары (макулдашуу боюнча);
|
Четимбаев С.Т. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары;
|
Искандаров А.К. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкмөттүн чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн региондук проблемалар секторунун эксперти;
|
Намазов К.Ш. | - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин экономика тармактарын каржылоо башкармалыгынын начальниги;
|
Плоских В.М. | - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти (макулдашуу боюнча);
|
Акматалиев А.А. | - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын тил жана адабият институтунун директору (макулдашуу боюнча);
|
Катанаева Л.Д. | - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын геодезиялык көзөмөл жана техникалык контролдоо бөлүмүнүн начальниги;
|
Касымалиев А.К. | - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы «Кыргызгипрозем» мамлекеттик жер жайгаштыруу боюнча долбоорлоо институтунун директору;
|
Асанакунов Б.Ж. | - Кыргыз Республикасынын Муниципалитеттер ассоциациясынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
|
Абдырахманов К.К. | - Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын аскердик-топографиялык кызматы бөлүмүнүн начальниги;
|
Конюхов А.Г. | - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин геология жана маалыматтык ресурстар башкармалыгынын начальниги. |