Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 26-апрели УӨ №19
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын долбоорун талкуулоону жүргүзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Областтык жана райондук мамлекеттик администрациялардын жетекчилери:
өтүп жаткан жылдын 27-июнунда референдумга чыгарылуучу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын долбоорун жеринде талкуулоону жүргүзүүнүн графиктерин түзсүн жана аларды 2010-жылдын 29-апрелине чейин Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнө берсин;
өтүп жаткан жылдын 14-майына чейин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын долбоорун талкуулоону уюштурсун жана талкуулоолордун протоколдорун Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Конституциянын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу тобуна жиберсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Ө.Ч.Текебаевге жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р.Отунбаева |