Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 4-майы УӨ №31
Дизель отунун бажы төлөмдөрүн төлөөдөн бошотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 22-апрелиндеги № 24-А тескемесине ылайык кайтарып берүү шарттарында 4300 м.куб дизель отунун алуу жөнүндө "Газпром нефть Азия" жоопкерчилиги чектелген коом менен келишүүнү аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик бажы кызматы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик материалдык резервдер фондун көрсөтүлгөн көлөмдү айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө бир литри үчүн 24 сом баа боюнча сатылган дизель отунунун мурда алынган көлөмүн кайтарып берүү эсебинен "Газпром нефть Азия" жоопкерчилиги чектелген коомуна кийин берүү менен Казакстан Республикасынан келген гуманитардык жардам катары алынган 3700 тонна көлөмдөгү дизель отунуна шарттуу кошуп эсептелген бажы төлөмдөрүн төлөөдөн бошотсун.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р.Отунбаева |