Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-майындагы №32 токтому менен бекитилген |
Жарандардан мыйзамсыз сакталып турган куралдарды, ок-дарыларды, жарылгыч заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү акысыз негизде кабыл алуу боюнча иштерди уюштуруу жөнүндө ЖОБО
1. Ушул Жобо мыйзамсыз сакталган курал-жаракты, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү акчалай акы төлөө негизинде ыктыярдуу тапшыруу үчүн жарандардан акыга кабыл алуу боюнча иштерди уюштуруу тартибин караштырат.
2. "Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык конструкциясы боюнча кол салуу же болбосо активдүү коргонуу жана тирүү жанга же башка нерсени атуу арналган түзүлүштөр жана нерселер курал катары түшүнүлөт.
Ок атуучу курал - бул дарынын же башка жарылуучу заттын бузулган учурда газдардын энергиясынын эсебинен алынуучу аралыкка ыргытылуучу элементтин механикалык тийиши үчүн конструкциялуу түрдө арналган курал.
Миздүү курал - бул адамдын каруу күчүнүн же болбосо механикалык түзүлүштүн багытталган кыймылынын эсебинен алынуучу багытталган кыймыл менен тикелей байланыштагы же аралыктан ыргытылган элементти адамдын булчуң күчүн пайдалануу жолу менен бутага тийгизүү үчүн арналган курал.
Пневматикалык курал - бул кысылган газ түрүндөгү заттардын энергиясынын эсебинен алынуучу багыттуу кыймылдын ыргытылган элементинин бутага тийүү үчүн арналган курал.
Газ куралы - бул жаш агызуучу жана көз ачыштыруучу заттарды колдонуу жолу менен максатка жетишүү үчүн арналган курал.
Ок атуучу жана газ куралына керектелчү ок-дарылар - бул тийиштүү түрдөгү куралдан атуу үчүн конструкциялуу ыңгайлаштырылган ыргытылуучу элементтин түздөн-түз бутага тийгизүү үчүн арналган, бир жолку аракеттеги түзүлүш.
3. Мыйзамсыз сакталган курал-жаракты, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү кабыл алууну ички иштердин аймактык органдары жүргүзөт.
4. Жарандардын мыйзамсыз сакталган курал-жаракты, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жарылуучу түзүлүштөрдү ыктыярдуу тапшыруусунун ар бир фактысы боюнча ички иштер органдары тарабынан тийиштүү текшерүү, анын ичинде номердик эсеби жана ок-гильзасы боюнча текшерүү жүргүзүлөт. Тийиштүү текшерүүнүн натыйжасы боюнча жарандын аракеттеринде тапшырылган куралды пайдалануу менен кылмыш же укук бузуу курамынын белгилери аныкталган учурда тийиштүү акы төлөнбөйт.
5. Облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер органдарынын начальниктеринин буйругу акы төлөөгө негиз болуп саналат, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- паспортунун же жарандын ким экендигин ырастаган башка документинин маалыматтары;
- номерин же анын жоктугун көрсөтүү менен өткөрүп берилген мыйзамсыз сакталган куралдын, ок-дарылардын, жарылуучу заттардын, жарылуучу түзүлүштөрдүн маркировкасын көрсөтүү менен аталыштары жана саны;
- бекитилген Ставкага ылайык акынын өлчөмү.
Сый акы жарандарга тийиштүү аймактык ички иштер органынын кассасынан накталай түрдө төлөнүп берилет.
6. Эгерде согуштук курал мамлекеттик органдын балансында турса, ал белгиленген тартипте ошол органга өткөрүлүп берилүүгө тийиш.
7. Мамлекеттик органдардын эсебинде турбаган согуш куралы жана анын ок-дарылары белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Коргонуу министрлигинин балансына өткөрүп берилүүгө тийиш, анда катталбаган ок-атуучу курал катары эсепке алынат.