Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 7-майы УӨ №38
"Петрол Групп" ЖЧКга тышкы башкарууну киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-апрелиндеги N 17 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
"Петрол Групп" ЖЧКга тышкы башкарууну киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-апрелиндеги №17 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
2-пункттагы "Бишкек шаарынын мэриясына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигине" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р.Отунбаева |