Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 7-июну УӨ №66
Дашман мамлекеттик жаратылыш коругун уюштуруу тууралуу
Кыргыз Республикасынын кайталангыс өзгөчөлүү байыркы жаңгак токойлорун сактоо, БУУ биологиялык түрлөр жөнүндөгү жана бүткүл дүйнөлүк маданий жана табигый мурастарды коргоо жөнүндөгү Конвенцияларына ылайык Кыргыз Республикасынын милдеттенмелерин аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин Дашман мамлекеттик жаратылыш коругун уюштуруу тууралуу сунушу жактырылсын.
2. Жалал-Абад областтык мамлекеттик администрациясына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы менен бирдикте үч айлык мөөнөттө төмөнкүлөрдү:
- жергиликтүү калк арасында Дашман мамлекеттик жаратылыш коругун түзүүнүн зарылдыгы жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү;
- Дашман мамлекеттик жаратылыш коругуна өткөрүп берилүүчү жерлерди "Токой фондусунун жерлери" категориясынан "Өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактардын жерлери" категориясына которуу боюнча жерге жайгаштыруу материалдарын белгиленген тартипте даярдоону жана аларды Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн кароосуна киргизүүнү камсыздасын.
3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигине тапшырылсын.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрайымы |
Р.Отунбаева |