Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 7-июну УӨ №67
"Авлетим-Ата" мамлекеттик жаратылыш паркын уюштуруу тууралуу
Батыш Тянь-Шань кайталангыс экосистемасын жана биологиялык түрдүүлүгүн сактоо, Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген өcүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын түрлөрүн, табият ресурстарын жана комплекстерин коргоо, региондо экологиялык туризмди өнүктүрүү жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактар тармагын өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы "Авлетим" токой чарбасынын жерлеринде "Авлетим-Ата" мамлекеттик жаратылыш паркын жана уюштуруу тууралуу сунушу жактырылсын.
2. Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрациясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы менен бирдикте үч айлык мөөнөттө төмөнкүлөрдү:
- жергиликтүү калк арасында "Авлетим-Ата" мамлекеттик жаратылыш паркын түзүүнү зарылдыгы жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүүнү;
- Авлетим-Ата" мамлекеттик жаратылыш паркына, өткөрүп берилчү жерлерди "Токой фондусу жерлери" категориясынан "Өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактардын жерлери" категориясына которуу боюнча жер жайгаштыруу материалдарын белгиленген тартипте даярдоону жана аларды Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн кароосуна киргизүүнү.
3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигине тапшырылсын.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрайымы |
Р.Отунбаева |