Редакцияот 10.06.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

 

2010-жылдын 10-июну УӨ №74

Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-майындагы № 43 "Камбар-Ата ГЭС-2нин курулушу жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Камбар-Ата ГЭС-2нин курулушун өз учурунда каржылоону камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-майындагы №43 "Камбар-Ата ГЭС-2нин курулушу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"1. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн резервдик фондунан 1230,0 (бир миллиард эки жүз отуз) миллион сом суммасындагы каражат капиталдык салымдарды жана Камбар-Ата ГЭС-2нин курулушун каржылоо үчүн республикалык бюджетке которулсун.".

2. Бул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы

 

Р.Отунбаева