КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 12-июну УӨ №78
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматына караштуу Коррупциянын алдын алуу боюнча агенттикти жоюу жөнүндө
Коррупцияга каршы саясат чөйрөсүндөгү маселелерди жөнгө салуу жана республиканын мамлекеттик башкаруу органдарынын структурасын оптималдаштыруу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги №1 Декретине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматына караштуу Коррупциянын алдын алуу боюнча агенттик жоюлсун.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы жоюу комиссиясын түзүп, ага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматына караштуу Коррупциянын алдын алуу боюнча агенттикти жоюуга байланышкан тийиштүү иштерди жүргүзүүнү тапшырсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисине тапшырылсын.
4. Бул токтом кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р.Отунбаева |