Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 1-июлу УӨ № 108
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Нормативдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жобону бекитүү тууралу
Нормативдик укуктук актыларды инвентаризациялоо жол-жоболорунун сапатын арттыруу жана оптималдаштыруу, ошондой эле ушуга байланыштуу министрликтердин жана ведомстволордун норма жаратуу ишин координациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жүргүзүп жаткан ишти күчөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Нормативдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 5-февралындагы № 47 "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларын инвентаризациялоо боюнча Өкмөттүк комиссиясы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 5-февралындагы № 47 "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларын инвентаризациялоо боюнча Өкмөттүк комиссиясы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 11-февралындагы № 75 токтому.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р.Отунбаева
|
| Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 1-июлундагы № 108 токтому менен бекитилген |
I. Жалпы жоболор
II. Комиссиянын милдеттери
III. Комиссиянын функциялары
IV. Комиссиянын укуктары
V. Комиссиянын курамы жана ишин уюштуруу
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Нормативдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - Комиссия) ар кандай деңгээлдеги нормативдик укуктук актылардын ортосундагы карама-каршылыктарды жоюу жана аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү үчүн Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларын инвентаризациялоо жолу менен мыйзамдарды өркүндөтүүгө байланышкан маселелерди кароо максатында түзүлгөн.
2. Комиссия өз ишинде колдонуудагы мыйзамдарды, ушул Жобону жана өзүнүн иш Регламентин жетекчиликке алат.
II. Комиссиянын милдеттери
3. Комиссиянын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- 1924-жылдан баштап ушул мезгилге чейинки Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук базасын талдоо;
- Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларын инвентаризациялоо жолу менен мыйзамдарды өркүндөтүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы карама-каршылыктарды жана жетишпестиктерди жоюу.
III. Комиссиянын функциялары
4. Комиссияга төмөнкүдөй функциялар жүктөлөт:
- мыйзамдарды талдоонун негизинде Жакынкы жылдарда иштелүүгө тийиш болгон нормативдик укуктук актылардын келечек пландарын түзүү;
- мыйзамдардагы карама-каршылыктарды жоюуга жана жетишпестиктерди жоюуга багытталган Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын долбоорлорун кароо;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн регламентинин талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү үчүн нормативдик укуктук актылардын даярдалган долбоорлорун Комиссиянын мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен макулдашуу жол-жобосун жүргүзүү;
- инвентаризациялоо практикасын талдоо жана жалпылоо;
- Комиссия кабыл алган чечимдердин аткарылышын контролдоо.
IV. Комиссиянын укуктары
5. Комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы карама-каршылыктарды (жетишпестиктерди) жоюу боюнча сунуштарды белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүүгө;
- мамлекеттик органдарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы карама-каршылыктарды жоюу маселелери боюнча сунуштарды өз компетенцияларынын чектеринде даярдоону тапшырууга;
- Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларын инвентаризациялоо маселелери боюнча мамлекеттик органдардын кызмат адамдарын өз заседаниелеринде угууга;
- таламдаш органдардын кызматкерлерин, эл аралык жана коомдук уюмдардын адистерин Комиссияда иштөө үчүн белгиленген тартипте тартууга;
- мыйзамдардагы карама-каршылыктарды (жетишпестиктерди) жоюуга багытталган Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын долбоорлорун экспертизадан өткөрүү жана даярдоо үчүн жумушчу топторду, эксперттик комиссияларды түзүүгө;
- Комиссиянын компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик башкаруу органдарынан материалдарды алууга;
- Комиссиянын алдына коюлган максаттарга жетишүү үчүн зарыл болгон башка аракеттерди жүргүзүүгө.

6. Комиссиянын курамы министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрүнөн, окумуштуулардан, иштеп жатышкан юристтерден, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнөн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан түзүлөт.
Комиссиянын өздүк курамы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин буйругу менен бекитилет.
7. Комиссиянын ишин Төрага жетектейт.
8. Комиссиянын ишин зарыл болгон уюштуруучулук-методикалык жана техникалык жактан камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан жүргүзүлөт.
9. Комиссия өзүнүн компетенциясына кирген бардык маселелерди талкуулайт жана талкууга катышкан мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен алар боюнча чечимдер кабыл алат.
10. Комиссиянын заседаниелерин өткөрүүнүн жана чечимдерди кабыл алуунун тартиби Комиссиянын Иш регламентинде аныкталат.
11. Комиссиянын Иш регламенти Юстиция министрлиги тарабынан Комиссиянын мүчөлөрүнүн пикирлерин эске алуу менен иштелип чыгат жана Юстиция министрлигинин буйругу менен бекитилет.
12. Комиссиянын төрагасы жок учурда анын ыйгарым укуктары Комиссиянын чечими менен комиссия мүчөлөрүнүн бирине жүктөлөт.
13. Комиссиянын заседаниелери зарылдыкка жараша, бирок кварталына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
КР Ѳкмѳтγнγн
2015-жылдын 7-майы № 276
токтомдун редакциясына ылайык
кγчγн жоготту