Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 1-июлу УӨ № 109
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-майындагы № 203 "Кыргыз Республикасыныи Юстиция министрлигинин туусу жана эмблемасы жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-майындагы № 203 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин туусу жана эмблемасы жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин туусунун жана эмблемасынын сүрөттөлүшүндө:
- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин эмблемасы көк кыюуланган ак тегерек түрүндө болот, анын борборуна Манастын жети осуятын символдоштурган жети элементтен турган канатын жайган бүркүттүн сүрөтү жайгаштырылган. Бүркүттүн алдыңкы планында - таразалуу калкандын геральдикалык сүрөтү - адилеттиктин атрибуту жана улуттук оюмдун элементи берилген.
Сүрөт 180 градуска айланып кайталанган улуттук оюмдун элементтери, "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ" жана "ЮСТИЦИЯ МИНИСТРЛИГИ" деген сөздөр менен тегерете курчалган. "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ" деген сөздөр тегеректин жогорку жагына иймек түрүндө жайгаштырылган, "ЮСТИЦИЯ МИНИСТРЛИГИ" деген сөздөр туурасынан жайгашып, мында "МИНИСТРЛИГИ" деген сөз "ЮСТИЦИЯ" деген сөздүн астында борборго жайгаштырылган.
Тегеректин четинде кыюуланган улуттук оюмдун элементтери улуттун тарыхынын жана маданиятынын өсүү динамикасын билдирет, кыргыз элинин байлыгын жана байыркы эл экендигин далилдейт.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин эмблемасында кыргыз элинде эң ыйык деп эсептелген эки түс - көк жана ак түс колдонулган.
Ак түс - аруулукту, тазалыкты, калыстыкты, чындыкты билдирсе, көк түс - адилеттикти, даанышмандыкты жана адам укугунун улуктугун чагылдырат.
Катыштары:
- бүркүттүн сүрөтү сырткы тегерекке карата туурасы боюнча 4/6 жана тиги боюнча 1/2;
- таразанын сүрөтү бүркүттүн сүрөтүнө карата 1/4, калкандын сүрөтүнө карата 1/2,5;
- калканда жайгашкан улуттук оюмдун элементинин калкандын сүрөтүнө карата катышы 1/2,5;
- тараза калкандын үстүнкү бөлүгүндө, улуттук оюмдун элементи калкандын төмөнкү бөлүгүндө жайгашкан;
- калкандын сүрөтүнүн бүркүттүн сүрөтүнө карата катышы 1/2,5;
- калкандын төмөнкү бөлүгүндө бүркүттүн куйругунун 5 элементи жайгашкан;
"КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ" жана "ЮСТИЦИЯ МИНИСТРЛИГИ" деген сөздөрдүн тамгаларынын өлчөмүнүн катышы 10/13.";
- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин эмблемасынын сүрөтү Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ички пайдалануудагы мөөрлөрүндө жана штамптарында, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин документтеринин бланктарында жана расмий басылмаларында, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин сыйлыктарында жана сувенирлеринде жайгаштырылышы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын юстиция министринин чечими боюнча башка учурларда колдонулушу мүмкүн.".
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р.Отунбаева
|
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 116 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ