Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 1-июлу УӨ N 112
Ош жана Жалал-Абад шаарларында калыбына келтирүү жумуштарын каржылоого булактарды табуу боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө
Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча кечиктирилгис чара көрүү зарылдыгын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджетине толуктоолорду иштеп чыксын, анда Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча каражат каралууга тийиш;
- Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Резервдик фондусунан 100 млн. АКШ долларын Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү үчүн жумшасын.
2. Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүүнүн приоритеттүү багыттары болуп - инженердик инфраструктура объекттерин, турак үйлөрдү, мектептерди, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерди реконструкциялоо жана куруу белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен бирдикте бузулган мектептерди "Билим берүү секторун өнүктүрүү 2" долбоору боюнча үнөмдөлгөн каражаттын эсебинен калыбына келтирүү боюнча маселени чечсин.
4. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен бирдикте электр өткөрүү линияларын "Энергетика секторуна өзгөчө жардам" долбоору боюнча үнөмдөлгөн каражаттын эсебинен калыбына келтирүү боюнча маселени чечсин.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекция менен бирдикте төмөнкүдөй сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн:
- Дүйнөлүк банк жана Азия өнүктүрүү банкы менен иштеп жаткан, үнөмдөлгөн каражат бар долбоорлорду өлкөнүн түштүгүнүн инфраструктурасын калыбына келтирүүгө реструктуралоо мүмкүндүгү жөнүндө; өлкөнүн түштүгүн реконструкциялоо жана реабилитациялоо боюнча жаңы долбоор үчүн кошумча каражат бөлүү жөнүндө;
- Дүйнөлүк банк менен иштеп жаткан "Бишкек жана Ош шаарларынын шаардык инфраструктурасы" жана "Чакан шаарлардын инфраструктурасы жана потенциалын өнүктүрүү" долбоорлоруна Ош жана Жалал-Абад шаарларында жана аларга жакын жабыркаган айылдарда калыбына келтирүү жумуштарына басым жасоо менен кошумча каражат бөлүү жөнүндө;
- Азия өнүктүрүү банкы менен:
"Кесиптик билим берүү жана көндүмдөрдү өнүктүрүү" долбоорун жабуу жана бошогон каражатты Ош жана Жалал-Абад шаарларынын инфраструктурасын калыбына келтирүү үчүн жумшоо жөнүндө;
"Ош жана Бишкек шаарларын өнүктүрүү" долбоорун даярдоого техникалык жардамды ишке ашырууну тез арада баштоо жөнүндө.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басарына - Кыргыз Республикасынын финансы министрине тапшырылсын.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р.Отунбаева
|