Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-майындагы № 239 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 5-июлу №115
Советтер Союзунун Баатыры Асанов Даир Асанович атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин жарандык персоналынын кызматтык маянасына «улуттук» деген статус үчүн кошумча акы белгилөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 10-апрелиндеги № 84 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мекемелери менен уюмдарына «улуттук» деген статус берүүнүн тартиби жөнүндө» Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мекемелерине жана уюмдарына «улуттук» статусун ыйгаруу тартиби жөнүндө жобого ылайык, ошондой эле Советтер Союзунун Баатыры Асанов Даир Асанович атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин жарандык персоналынын ишин шыктандыруу максатында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Советтер Союзунун Баатыры Асанов Даир Асанович атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин жарандык персоналынын кызматтык маянасына 20 пайыз өлчөмүндө кошумча акы белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги Советтер Союзунун Баатыры Асанов Даир Асанович атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин жарандык персоналына кошумча акыны тийиштүү жылга каралган каражаттардын чегинде төлөсүн.
3. Бул буйрук 2010-жылдын 1-июлунан баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р. Отунбаева |