Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 13-сентябрындагы №200 токтому менен бекитилди |
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы отун-энергетикалык комплексинин ачыктык демилгеси боюнча Байкоочу кеңеш жөнүндө Жобо
I. Жалпы жоболор
II. Байкоочу кеңештин милдеттери, иш милдеттери жана укуктары
III. Байкоочу кеңеш. Курамы жана түзүү тартиби
IV. Байкоочу кеңештин иштөө тартиби
V. Байкоочу кеңеш. Мүчөлүк жана укуктар
VI. Байкоочу кеңештин иштерин уюштуруу
VII. Өткөөл жобо
1. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы отун-энергетикалык комплексинин ачыктык демилгеси боюнча Байкоочу кеңеш (мындан ары - Байкоочу кеңеш) "Кыргыз Республикасынын отун-энергетикалык комплексинин ачыктык демилгеси жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 20-июлундагы УП N 49 Жарлыгына ылайык түзүлөт жана отун-энергетикалык комплексинин ачыктык демилгеси Программасын ишке ашырууга жалпы көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу орган (мындан ары - ОЭКАД Программасы) болуп саналат.
2. Байкоочу кеңеш өз ишинде өзүнүн билгилигиндеги бардык маселелер боюнча чечимдерди кабыл алууда ыктыярдуулук, өзүн өзү башкаруу, объективдүүлүк, айкындуулук, ачыктык жана көз карандысыздык принциптерине негизденет.
3. Катчылык (мындан ары - ОЭКАД Катчылыгы) Байкоочу кеңештин жумушчу органы болуп саналат.
4. Байкоочу кеңеш өзүнүн фирмалык бланкына ээ болот.
5. Байкоочу кеңештин негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- ОЭКАД Программасын ишке ашыруу боюнча иш чаралардын аткарылышынын мониторингин жүзөгө ашыруу;
- ОЭКАД Программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн сунуштарды жана сунуштамаларды даярдоо;
- сектордун чыгымдары жана кирешелери, акча агымдары, отун-энергетика комплексинин ишканалары тарабынан максаттуу көрсөткүчтөрдүн аткарылышы жана отун-энергетика комплексинин ишканаларынын (мындан ары ОЭК ишканалары) ишине тиешелүү башка маанилүү маалыматтар жөнүндө коомчулукка берилген маалыматтардын сапатын (тууралыгын, жүйөлүүлүгүн, ишенимдүүлүгүн) көзөмөлгө алуу.
6. Негизги милдеттерин аткаруу максатында Байкоочу кеңеш төмөнкү иш милдеттерди аткарат:
- ОЭКАД Программасын ишке ашырууга байланыштуу институционалдык, укуктук, тескөөчүлүк, каржылык жана уюштуруучулук маселелерин кошуп алганда, ОЭКАД Программасын ишке ашыруунун мониторингин жүзөгө ашыруу;
- энергетика тармагындагы сапат, ишенимдүүлүк жана ачык-айкындык маселелерин жакшыруу көз карашынан ОЭКАД Программасынын натыйжалуулугун баалоо.
7. Байкоочу кеңеш өзүнө жүктөлгөн иш милдеттерди ишке ашыруу максатында төмөнкүлөргө укуктуу:
- өзүнүн жыйналыштарында мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн, ошондой эле ОЭК ишканаларынын жетекчилерин жана ОЭКАД Программасын ишке ашыруу маселелери боюнча эксперттерди угууга;
- отун-энергетикалык комплексинин ачыктык демилгесин ишке ашыруу максатында мамлекеттик органдардан, ОЭК ишканаларынан жана донордук уюмдардан зарыл маалыматтарды суратып алууга;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын энергетика тармагындагы коомдук кызыкчылыктарды козгогон ченемдик укуктук актыларынын жана чечимдеринин долбоорлорун кароого;
- ОЭКАД Программасын ишке ашыруу боюнча иш чаралардын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө эксперттик баалоону жүзөгө ашыруу үчүн адистерди, чет өлкөлүк адистерди да тартууга;
- Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин жана ОЭК ишканаларынын директорлор кеңешинин кароосуна ОЭКАД Программасын ишке ашырууга байланыштуу сунуштамаларды киргизүүгө;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ОЭКАД Программасына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды, ошондой эле аны ишке ашыруунун натыйжалары жөнүндө отчетторду берүүгө;
- өз иштерин камсыз кылуу үчүн донордук жана башка жардамдарды тартууга;
- Кыргыз Республикасынын отун-энергетикалык комплексинин ачыктык демилгесинин ачык-айкындыгын камсыз кылууга байланыштуу маселелер боюнча чечимдерди кароого жана кабыл алууга.
8. Байкоочу кеңештин курамына мамлекеттик органдардын, ОЭК ишканаларынын жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү тең пропорциялык катышта мүчөл болуп киришет.
9. Байкоочу кеңештин мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен 2 жылдык мөөнөткө дайындалат.
10. Байкоочу кеңештин мүчөлүгүнө коомдук уюмдардын талапкерлери Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан тандалып алынат. Тандап алуу ачык-айкындык принцибин сактоо менен, энергетика секторунда иштөө тажрыйбасы, ачык-айкындык принциптерин киргизүү жагында, ошондой эле энергетикалык компаниялардын кызматтарын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жагында тажрыйбалары болгонун өзүнө камтыган, Байкоочу кеңештин негизги милдеттерине жооп берген критерийлердин негизинде жүзөгө ашырылат. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги Тандап алуу комиссиясын түзөт жана Комиссия жөнүндө жобону бекитет. Байкоочу кеңештин курамына Комиссия тарабынан коомдук уюмдардан тандалып алынган талапкерлер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитүүгө киргизилет.
11. Байкоочу кеңештин курамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
12. Байкоочу кеңеш өз иштерин жыйналыштарды өткөрүү жолу менен ушул Жобого ылайык жүзөгө ашырат.
13. Байкоочу кеңештин жыйналышын анын төрагасы алып барат. Жыйналышты Байкоочу кеңештин төрагасынын өткөрүшү мүмкүн болбогондо, аны өткөрүүнү төраганын орун басары жүзөгө ашырат.
14. Байкоочу кеңештин жыйналышы зарылдыгына жараша, бирок кварталына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
15. Байкоочу кеңеш анын төрагасы тарабынан, Байкоочу кеңештин кайсы гана мүчөсүнүн болбосун демилгеси боюнча чакырылат, мында ОЭКАД Катчылыгы Байкоочу кеңештин жыйналышы өткөрүүчү күндөн бир жумадан кем эмес мурдараак Байкоочу кеңештин мүчөлөрүнө жыйналышка чакыруу кагазын жана кароо үчүн зарыл болгон маалыматтарды (документтердин долбоорлорун, отчетторду ж. б.) жиберет.
16. Байкоочу кеңештин жыйналышын өткөрүүнү демилгелеген Байкоочу кеңештин мүчөсү ОЭКАД Катчылыгына Байкоочу кеңештин жыйналышын өткөрүү жөнүндө сунушун берет, анда кароо үчүн сунуш кылынган маселелер, ошондой эле чечимдин долбоору көрсөтүлөт.
17. Эгерде аларга ар бир кызыкдар тараптан төрттөн кем эмес өкүлдөрү келип, анын курамынын үчтөн экиси катышып отурганда Байкоочу кеңештин жыйналыштары укук ченемдүү болуп саналат.
18. Байкоочу кеңештин мүчөлөрү чечимди консенсус менен кабыл алууга аракеттенүүлөрү керек. Эгерде Байкоочу кеңеш консенсуска келбесе, анда чечим "бир мүчө бир добуш" принциби боюнча кабыл алынат.
19. Байкоочу кеңештин чечимдери добуштардын дасыккан көпчүлүгү (добуштардын 2\3 кем эмес) менен кабыл алынат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү же башка мамлекеттик органдары, ошондой эле ОЭК ишканаларынын директорлор кеңештери үчүн отун-энергетикалык комплексинин ачыктык маселелери боюнча иштеп чыгылган сунуштары же сунуштамалары менен протоколдор түрүндө жол-жоболоштурулат.
20. Протоколго төрага тарабынан кол коюлат, Байкоочу кеңештин мүчөлөрүндө өзгөчө пикир болгондо алар тиркелет.
21. Жыйналыштын протоколу, ал өткөрүлгөндөн кийин беш жумушчу күндүн ичинде, Байкоочу кеңештин бардык мүчөлөрүнө жөнөтүлөт. Мында протокол ошондой эле Байкоочу кеңештин веб-сайтына жайгаштырылат.
22. Байкоочу кеңештин мүчөсү төмөнкүлөргө укуктуу:
- Байкоочу кеңештин билгилигине кирген маселелер боюнча Байкоочу кеңештин жыйналышын өткөрүлүшүн демилгелөөгө, ошондой эле каралып жаткан маселелерди талкуулоодо жана алар боюнча чечимдерди кабыл алууда баяндама, билдирүү жасоого жана сунуштарды киргизүүгө;
- Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин коллегиясынын жыйналыштарына катышууга;
- ОЭК ишканаларынын директорлор кеңешинин төрагаларынын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен, ОЭКАД маселелери боюнча директорлор кеңешинин жыйналыштарына катышууга;
- мамлекеттик органдардан жана ОЭК ишканаларынан Байкоочу кеңештин чечимдерин ишке ашыруу жөнүндө маалыматтарды алууга;
- төрагасынын наамына берилген жазуу жүзүндөгү арыздын негизинде Байкоочулар кеңешинин курамынан чыгууга.
23. Байкоочу кеңешке жетекчиликти анын төрагасы жүзөгө ашырат. Байкоочу кеңештин төрагасы кандай гана болбосун негиздер боюнча өзүнүн ыйгарым укуктарын аткаруусу мүмкүн болбогон учурда, ал өзүнүн ыйгарым укуктарын төраганын орун басарына берүүгө укуктуу.
24. Кеңештин төрагасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан дайындалат.
25. Төраганын орун басары Байкоочу кеңештин мүчөлөрү тарабынан шайланат.
26. ОЭКАД Катчылыгы Байкоочу кеңеш тарабынан түзүлөт. Мында Байкоочу кеңештин мүчөсү Катчылыктын курамында болушу мүмкүн эмес.
27. ОЭКАД Катчылыгынын иш милдеттери:
- Байкоочу кеңештин ишинин уюштурулушун камсыз кылууну жүзөгө ашыруу;
- Байкоочу кеңешке келип түшкөн анын жыйналыштарын өткөрүү жөнүндө сунуштарды жана Байкоочу кеңеш тарабынан кароо жана чечүү үчүн демилгеленген маселелерди эсепке алуу;
- Байкоочу кеңеш үчүн ОЭК ишканаларынан жана мамлекеттик органдардан ОЭКАД Программасын ишке ашыруу жөнүндө маалыматтарды (суроо-талап боюнча) жыйноону жүзөгө ашыруу. Суроо талап Байкоочу кеңештин төрагасынын колу менен Катчылыкка жөнөтүлөт;
- Байкоочу кеңештин жыйналыштарын протоколдоштуруу жана протоколдорду Байкоочу кеңештин мүчөлөрүнө жиберүү;
- мамлекеттик жана расмий тилдерде ОЭКАД боюнча отчетторду кеңири таратуу үчүн коомчулук менен байланыштын стратегиясын даярдоо жана ишке ашыруу;
- Байкоочу кеңештин веб-сайтын түзүү жана күтүү, анын ичинде веб-сайттын мазмунун дайыма жаңылоо жана интерактивдүү тартипте иштешин камсыз кылуу;
- Байкоочу кеңештин мүчөлөрүнүн анын курамынан чыгуу жөнүндөгү жазуу жүзүндөгү арыздарын кабыл алуу.
28. Байкоочу кеңештин ишин каржылоо булагы аныкталган учурда ОЭКАД Катчылыгынын иш милдеттери, белгиленген тартипте кайра каралышы жана кеңейтилиши мүмкүн.