Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 9-июлу № 121
Ош шаарынын, Ош жана Жалал-Абад облустарынын социалдык жана инженердик инфраструктураларын калыбына келтирүү жана куруу боюнча чаралар жөнүндө
2010-жылдын июнунда Ош шаарынын, Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймагында болгон окуялардын кесепеттерин жоюу боюнча чараларды көрүү максатында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош жана Жалал-Абад облустарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекция:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасыиын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Ош жана Жалал-Абад облустарынын мамлекеттик администрациялары, Ош шаарынын мэриясы менен бирдикте:
жабыркаган турак үйлөрдү, имараттарды жана курулмаларды, инженердик инфраструктуранын обьекттерии изилдөө тез арада бүткөрүлүшүн камсыздасын;
жабыркаган жана калыбына келтирилүүгө тийиш болгон турак үйлөрдүн, имараттардын жана курулмалардын, инженердик инфраструктуранын обьекттеринин тизмесин изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча 2010-жылдын 20-июлуна чейинки мөөнөттө аныктасын;
- турак үйлөрдү, имараттарды жана курулмаларды, инженердик инфраструктуранын обьекттерин долбоорлоону жана курууну камсыздасын;
- жабыркаган турак үйлөрдүн тургундары көчмө турак үйлөрдө убактылуу жашап турушун камсыздасын;
- гуманитардык тармак боюнча келүүчү курулуш материалдарды кабыл алуу үчүн Ош жана Жалал-Абад шаарларында борбордоштурулган кампа жайларды уюштуруу маселесин чечсин, алардын максаттуу пайдаланылышын камсыздасын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги, Ош жана Жалал-Абад облустарынын мамлекетгик администрациялары, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын мэриялары менен бирдикте курулуш материалдарды чыгаруу боюнча ишканалардын тизмесин аныктасын жана алар менен курулуш обьекттерин жана калкты курулуш материалдар менен жасоочу заводдордун бааларында үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча иш жүргүзсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы менен бирдикте жер участокторду турак жай курулушу үчүн, ошондой эле социалдык жана инженердик инфраструктура обьекттерин куруу үчүн компенсациялуу жана акысыз негиздерде алуунун механизмии иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги белгиленген тартипте:
- турак үйлордү, мектептерди, саламаттык сактоо обьекттерин, социалдык-маданий маамидеги жаиа инженердик инфраструктура обьекттерин курууга шаар куруу документтерин иштеп чыгууга жардам көрсөтсүн;
- обьекттерди параллель долбоорлоо менен курууга уруксат берсин;
- имараттарды, курулмаларды жана инженердик инфраструктуранын обьекттерин тургузуунун сапатына мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөлдү камсыздасын.
4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги учурдагы финансылык жылдарга карата бөлүнгөн каражаттын эсебинен жана чегинде автомобиль жолдорду жана көпүрөлөрдү оңдоо-калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүүгө жардам көрсөтсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги калыбына келтирүү жумушгарына катышкан адамдардын коопсуздугун камсыздасын.
6. Кыргыз Республикасынын Эиергетика министрлиги «Жалал-Абад электр» жана «Ош электр» ачык акционердик коомдору менен бирдикте:
- калкты жана курулуп жаткан обьекттерди электр менен камсыздоо боюнча техникалык шарттарды белгиленген тартипте берсин.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызмагы курулуш обьекттери үчүн курулуш материалдардын келишин бажылык алымдын нөлдүк ставкасы боюнча тариздоонү камсыздоо маселесин иштеп чыксын жана чечсин.
8. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен бирдикте коммерциялык банктардын социалдык жана ипотекалык кредит берүү программаларына катышуу маселесин иштеп чыксын.
9. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- мамлекеттик субсидиялоонун катышуусу менен социалдык турак жай курууну ипотекалык кредиттөө механизмин иштеп чыгуу үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына сунуштарды берсин;
- Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлиги менен бирдикте турак жайды, социалдык жана инженердик инфраструктурамын биринчи кезектеги обьекттерин калыбына келтирүү үчүн тышкы финансылык жардам (гранттарды, жеңилдетилген кредиттик ресурстарды) тартуу боюнча иш жургүзсүн.
10. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Ош жана Жалал-Абад облустарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын башкы директоруна тапшырылсын.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмотүнүн Төрагасы |
Р. Отунбаева |