Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-августундагы №167 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин Мамлекеттештирилген мүлктү башкаруу боюнча фонду жөнүндө ЖОБО
I. Жалпы жоболор
II. Фонддун милдеттери жана ыйгарым укуктары
III. Фонддун уюштуруу иштери
IV. Фонддун каржы жана чарба иштери
V. Корутунду жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин Мамлекеттештирилген мүлктү башкаруу боюнча фонду (мындан ары - Фонд) жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-апрелиндеги N 18 "Юридикалык жактарга тышкы башкаруу жол-жоболорун киргизүү жөнүндө" жана 2010-жылдын 19-июлундагы N 103 "Мүлктү мажбурлап алып коюунун тартибин бекитүү жөнүндө" декреттерине, ошондой эле айрым объекттерди мамлекеттештирүү жөнүндө декреттерге ылайык иштелип чыккан жана Фонддун ишинин укуктук жана уюштуруу жактарын, анын функцияларын жана ыйгарым укуктарын аныктайт.
2. Фонд өз ишинде Конституцияга, мыйзамдарга, Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларына, ошондой эле ушул Жобого таянат.
3. Фонд өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жетекчилиги менен жүргүзөт.
4. Фонд Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин мамлекеттештирүү жолу менен Кыргыз Республикасынын менчигине түшкөн объекттерди башкаруу боюнча функцияларды аткаруучу ведомствого караштуу бөлүгү болот.
Фонд өз алдынча юридикалык жак болот, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү болот.
Фонддун штамптары, белгиленген үлгүдөгү фирмалык бланкы, өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык системасында алыш-бериш жана башка эсептери болот.
5. Фонд өз компетенциясынын чегинде буйруктарды жана тескемелерди чыгарууга укуктуу.
6. Улутташтырылган объекттерди Кыргыз Республикасынын менчигине алуу жана аларды мындан ары мамлекеттин кызыкчылыктарында башкаруу боюнча практикалык чараларды жүзөгө ашыруу Фонддун милдеттери болуп саналат.
7. Жүктөлгөн милдеттерди чечүү үчүн Фонд төмөнкүлөргө укуктуу:
- улутташтырылган мүлктүн жана улутташтырылган объекттердин активдерин сактоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүгө;
- мүлктү каттоону жана улутташтырылган объекттерди баалоону жүргүзүүгө;
- тиешелүү юридикалык жактарга тышкы башкаруу жол-жоболорун киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн чечимдеринин негизинде акцияларынын бир бөлүгү (үлүшү) Кыргыз Республикасынын Премьер-министри менен макулдашуу боюнча улутташтырылган чарбачылык коомдорго тышкы башкаруучуну дайындоого, ошондой эле тышкы башкарууну жүргүзүүнүн мөөнөттөрүн белгилөөгө;
- мыйзамдарда белгиленген тартипте, улутташтырылган юридикалык жактардын башкаруу органдарынын мүчөлөрүн кызмат орундарына дайындоого жана кызмат орундарынан бошотууга катышууга;
- улутташтырылган объекттерди натыйжалуу башкаруу боюнча сунуштарды иштеп чыгууга;
- мыйзамдарда белгиленген тартипте, улутташтырылган объекттерди чарбалык тейлөөгө, ыкчам башкарууга, ишеним башкаруусуна, ижарага жана күрөөгө берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алууга;
- улутташтырылган чарбалык коомдордун акцияларынын мамлекеттик пакеттери (үлүштөрү) боюнча дивиденддерди, улутташтырылган объекттердин ижарадан пайдаларын алуу жана бюджетке чегерүү боюнча чаралары жүзөгө ашырууга;
- мыйзамдарда белгиленген тартипте, улутташтырылган объекттерди тескөөнү, анын ичинде аларды менчиктештирүүнү жүзөгө ашырууга;
- сыноочу, баалоочу, аудитордук жана башка эксперттик уюмдарды жана адистерди тартууга;
- мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ишканалардан, уюмдардан, мекемелерден жана жарандардан Фонддун милдеттерин чечүү үчүн зарыл документтерди, статистикалык маалыматтарды, маалыматтык жана аналитикалык материалдарды суратууга жана алууга:
- Фонддун иштери менен байланышкан маселелерди чечүү үчүн, Фонддун кызматкерлерин белгиленген тартипте ишсапарларына жиберүүгө;
- мыйзамда белгиленген тартипте чарбалык иштерди жүзөгө ашырууга жана үчүнчү жактар менен келишимдерди түзүүгө;
- Фонддун милдеттерин чечүү үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга.
8. Фонддун түзүмү жана штаттык ырааттамасы Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан бекитилет.
9. Фондду Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу директор жетектейт.
10. Фонддун директорунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министри тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана бошотулуучу бир орун басары болот.
11. Фонддун директору:
- Фонддун иштерин жетектейт;
- үчүнчү жактар менен мамилелерде Фонддун атынан чыгат;
- Фонддун компетенцияларынын чектеринде буйруктарды жана тескемелерди, Фонддун жана башка документтерин чыгарат жана кол коет;
- үчүнчү жактар менен келишимдерге кол коет;
- Фонддун каржы документтерине биринчи кол коюу укугуна ээ болот.
12. Фонддун директорунун орун басары Фонддун жумуштарын координациялоону камсыз кылат, Фонддун директору жокто анын ишмилдеттерин аткарат.
13. Фонддо саны 5 кишиден турган башкармалык уюштурулат. Башкармалык, өзүнүн жыйналыштарында Фонддун ишинин маанилүү маселелерин кароочу, жамааттык орган болуп саналат.
Башкармалыктын курамына кызмат орду боюнча директор (башкармалыктын төрагасы), директордун орун басары, бөлүмдөрдүн башчылары, сектор башчысы жана эсеп жана отчеттуулук боюнча башкы адис кирет. Башкармалыктын өздүк курамы Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан бекитилет.
14. Фонддун башкармалыгы өзүнүн жыйындарында Фондго жүктөлгөн милдеттердин алкагындагы маселелерди карайт. Фонддун башкармалыгы:
- белгиленген тартипте, улутташтырылган объекттерди башкаруунун тариздерин тандоо жөнүндө чечимдерди кабыл алат;
- ыйгарым укуктарды белгиленген тартипте жүзөгө ашыруу үчүн, Фондго берилген улутташтырылган объекттердин (юридикалык жактардын) жетекчилерин угат;
- башкармалыктын төрагасынын же (жана) анын мүчөлөрүнүн сунушу боюнча башка маселелерди карайт.
15. Башкармалык өзүнүн чечимдерин жыйналыштарда кабыл алат. Фонддун директору жумушту жетектейт жана башкармалыктын жыйналышын алып барат, ал эми ал жокто бул ишмилдеттерди директордун орун басары аткарат.
Башкармалыктын жыйналышы, эгерде ага анын мүчөлөрүнүн үчөөнөн кем эмеси катышканда укук ченемдүү болот. Маселелерди талкуулоо жана чечимдерди кабыл алуу башкармалыктын жыйналыштарында жамааттуу жүзөгө ашырылат. Чечимдер катышып отурушкан башкармалыктын мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүгү менен кабыл алынат. Добуштар тең болуп калган учурда, төрага добуш берген чечим кабыл алынат. Башкармалыктын жыйналышы зарылдыгына жараша өткөрүлөт жана протоколдор менен жол-жоболоштурулат. Башкармалыктын чечими жыйналышты өткөрбөстөн, сурамжылоо жолу менен кабыл алынышы мүмкүн.
16. Фонддун каржылык-чарбалык иштери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
17. Фонддун мүлкүн, Фонддун өз алдынча теңдеминде чагылдырылган негизги фонддор жана жүгүртүм каражаттары түзөт.
18. Фондду күтүүнүн чыгымдарын жана анын иштерин каржылоо республикалык бюджеттен жүзөгө ашырылат.
19. Фонддун кызматкерлеринин эмгек акыларын төлөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
20. Акчалай каражаттардын чыгымдалышы үчүн жоопкерчиликти бухгалтердик отчеттулукту жүргүзүү тартибине ылайык, аларды чыгымдоо боюнча отчет берүүчү Фонддун директору менен эсеп жана отчеттулук боюнча башкы адис тартат.
21. Фонддун ишин кайра түзүү жана токтотуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.