Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-ноябрындагы №267 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик кинематография агенттиги жөнүндө ЖОБО
I. Жалпы жоболор
II. Мамлекеттик агенттиктин негизги милдеттери
III. Мамлекеттик агенттиктин функциялары
IV. Мамлекеттик агенттиктин укуктары
V. Мамлекеттик агенттиктин ишин уюштуруу
VI. Мамлекеттик агенттиктин мүлкү
VII. Мамлекеттик агенттикти жоюу жана кайра уюштуруу
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик кинематография агенттиги (мындан ары - Мамлекеттик агенттик) кинематография жаатындагы мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп саналат.
2. Мамлекеттик агенттик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө", "Маданият жөнүндө" жана "Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин, Кыргыз Республикасы алардын катышуучусу болуп саналып, мыйзам менен белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул жобону жетекчиликке алат.
3. Мамлекеттик агенттик өзүнүн ишин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер жана башка уюмдар менен өз ара байланышта жүзөгө ашырат.
4 Мамлекеттик агенттик юридикалык жак болуп саналып, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү, мамлекеттик жана расмий тилдердеги аталышы бар мөөрү, штампы жана бланктары, өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын тутумунда эсептешүү эсеби болот.
5. Мамлекеттик агенттиктин юридикалык дареги: Бишкек шаары, Логвиненко көчөсү, 13.
6. Төмөнкүлөр Мамлекеттик агенттиктин негизги милдеттери болуп саналат:
- улуттук кинематография тутумун башкарууну өркүндөтүү;
- Кыргызстандын элинин руханий салттарын кайра жаратууда киноискусствонун ролун жогорулатуу;
- Кыргызстандын элинин маданий кенчи катары улуттук фильм фондун сактоо;
- кыргыз жана дүйнөлүк киноискусствонун чыгармаларына Кыргыз Республикасынын жарандарынын жетиши үчүн шарттарды түзүү;
- кинематография чөйрөсүндө жана тармактык билим берүүдө көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу;
- сапаттуу продукция менен кызматтарды өндүрүү үчүн шарттарды түзүү.
7. Жүктөлгөн милдеттерди аткаруу максатында Мамлекеттик агенттик төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:
- кинематография чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырат;
- Мамлекеттик агенттиктин милдеттерине таандык кылынган маселелер боюнча мамлекеттик жана тармактык программаларды иштеп чыгат жана ишке ашырат;
- кинематография чөйрөсүн ар тараптуу өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылат;
- мыйзамдарды колдонуу практикасын жалпылайт, кинематография чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын абалын жана анын ишке ашырылышын талдайт;
- Мамлекеттик агенттиктин милдеттерине таандык кылынган маселелер боюнча маалыматтык-талдоочулук материалдарды, эксперттик жана божомолдук баа берүүлөрдү даярдоону жүзөгө ашырат;
- кинематографияга тиешелүү маселелер бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелеринин аткарылышын камсыз кылат;
- Мамлекеттик агенттиктин милдеттерине таандык болгон маселелерге тиешелүү Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин иштеп чыгууну жүзөгө ашырат;
- кинематография жаатындагы эл аралык байланыштарды өнүктүрүүнү, кинематографиянын эл аралык уюмдардагы өкүлчүлүгүн, комиссияларга, кеңешмелерге, конференцияларга жана башка иш-чараларга катышууну белгиленген тартипте жүзөгө ашырат;
- республикалык жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын кинематографиясынын жетишкендиктерин пропагандалоого багытталган эл аралык иш-чараларды, фестивалдарды, акцияларды, сынактарды, семинарларды, конференцияларды өткөрөт;
- чет өлкөлүк мыкты кино чыгармаларын мамлекеттик жана расмий тилдерге которууда көмөк көрсөтөт;
- Мамлекеттик агенттиктин компетенциясына кирген маселелер боюнча координациялык, кеңеш берүүчү жана эксперттик органдардын ишин уюштурат жана аларга катышат;
- кинематографияга чыгымдар бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетин түзүү боюнча сунуштарды киргизет;
- мамлекеттик кинематографиянын чыгармачылык-өндүрүштүк жана материалдык-техникалык базасын өркүндөтүү, киноискусство чыгармаларын калктын кеңири катмарларына жеткирүү боюнча милдеттерин жүзөгө ашырууда кино өндүрүүчүлөрүнүн, кино прокатчыларынын ишин координациялайт;
- фильмдердин прокатынын жана аларды өндүрүүнүн чөйрөсүндө изилдөөнү, талдоону жүргүзөт жана кыргыз аудиовизуалдык рыногунун абалы жөнүндө маалыматты жайгаштырууларды уюштурат;
- кинематографиянын инфраструктурасын өнүгүшүн координациялоону жүзөгө ашырат;
- борбордук аппараттын, ведомстволук караштуулуктагы бөлүкчөлөрдүн, ишканалардын жана кино уюмдарынын, мекемелеринин ички аудитин "Ички аудит жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырат;
- Мамлекеттик агенттиктин карамагында болгон ведомстволук баш ийүүдөгү мекемелердин ишин координациялайт;
- кинематография мекемелерине модернизациялоо, алардын техникалык жана технологиялык деңгээлин жогорулатуу боюнча ишти уюштурат;
- аларды жаратуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик кинематография агенттиги үчүн республикалык бюджет тарабынан каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашыруучу жалпы улуттук социалдык-маданий маанидеги фильмдердин тематикасын түзөт;
- улуттук жана чет өлкөлүк фильмдердин фондун толуктоону жүзөгө ашырат;
- Кыргыз Республикасында жаратылган, же чет өлкөлөрдөн сатылып алынган фильмдерге Кыргыз Республикасынын аймагында прокаттоо үчүн прокаттык ырастамаларды берүүнү жүзөгө ашырат;
- улуттук фильмге ырастама берүүнү жүзөгө ашырат;
- фильмдердин мамлекеттик регистрин жүргүзүүнү жүзөгө ашырат;
- кинематография жаатындагы кадрларды даярдоого жана кайра даярдоого көмөк көрсөтөт;
- тармактык сый акы тутумун иштеп чыгат жана эмгекке акы төлөөнүн, сакталышына, материалдык сый акынын колдонуудагы шарттарынын, эмгекке акы төлөө фонддорунун жана сый акы фонддорунун чыгымдалышына, кинематография кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын схемасынын сакталышына контролду жүзөгө ашырат;
- Мамлекеттик агенттиктин милдеттерине тиешелүү маселелерди чечүү үчүн, консультацияларды берүү, документтердин долбоорлорун даярдоо, талдоочулук, эксперттик жана башка иштерди аткаруу үчүн уюмдарды жана адистерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте ишке тартат;
- жарандар менен уюмдардын оозеки жана жазуу түрүндөгү кайрылуулары менен суроо-талаптарын өз убагында кароону камсыз кылат.
8. Мамлекеттик агенттик төмөнкү укуктарга ээ:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталган ыйгарым укуктарынын чектеринде кинематографияны өнүктүрүү жаатындагы ведомстволор аралык мүнөздөгү эл аралык келишимдерди түзүү;
- Мамлекеттик агенттиктин милдеттерине таандык кылынган иш чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзүү үчүн белгиленген тартипте эл аралык уюмдардын каражаттарын, гранттарын тартуу;
- Мамлекеттик агенттиктин ишинин чөйрөсүнө таандык кылынган маалыматты мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, уюмдардан жана ишканалардан, кызмат адамдарынан жана жарандардан белгиленген тартипте суратып алуу;
- белгиленген иш чөйрөсүндө координациялык жана кеңеш берүүчү органдарды (кеңештерди, комиссияларды, топторду) түзүү;
- өзүнүн ведомстволук караштуулугундагы бөлүкчөлөрдү, ишканаларды, мекемелерди жана кино уюмдарын түзүү, кайра уюштуруу, жоюу жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка укуктарды жүзөгө ашыруу.
9. Мамлекеттик агенттикке Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызматка дайындалуучу жана бошотулуучу директор башчылык кылат.
10. Мамлекеттик агенттиктин түзүмүндө статс-катчынын жана директордун орун басарынын кызматтары каралат.
Статс-катчыны кызматка дайындоонун, бошотуунун тартиби, анын функциялары жана ыйгарым укуктары мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдар менен аныкталат. Директордун орун басары директордун сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалып жана бошотулуп, түздөн-түз директорго баш ийүү менен Мамлекеттик агенттиктин ишин өзүнө жүктөлгөн милдеттердин чектеринде уюштурат.
11. Директор:
- жеке башкаруу принцибинде Мамлекеттик агенттиктин ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат жана Мамлекеттик агенттикке жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, ишканалары, мекемелери жана Кыргыз Республикасынын аймагындагы чет мамлекеттердин уюмдары менен мамилелерде Мамлекеттик агенттикке өкүл болуп, өз ыйгарым укуктарынын чектеринде Мамлекеттик агенттиктин милдеттерине таандык кылынган маселелер боюнча өз ара аракеттенүү жана кызматташуу жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул жобого ылайык Мамлекеттик агенттиктин тутумунда аткаруу үчүн милдеттүү болгон буйруктарды жана тескемелерди чыгарат;
- статс-катчынын, директордун орун басарынын жана Мамлекеттик агенттиктин түзүмдүк бөлүкчөлөрүнүн жетекчилеринин ортосунда милдеттерди белгиленген тартипте бөлүштүрөт;
- Мамлекеттик агенттиктин тутумунун өзгөчө айырмаланган кызматкерлерин белгиленген тартипте мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтөт, моралдык жана материалдык сыйлоонун башка чараларын көрүп, анын ичинде ведомстволук сыйлыктар менен сыйлайт;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин номенклатурасына кирген ведомстволук караштуулуктагы бөлүкчөлөр менен мекемелердин жетекчилерин кызматка дайындоо жана бошотуу жөнүндө сунуштаманы Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине киргизет;
- ведомстволук караштуулуктагы бөлүкчөлөрдүн жана мекемелердин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген буйруктары менен нускамаларын жокко чыгарат;
- Мамлекеттик агенттиктин борбордук аппаратынын, ведомстволук караштуулуктагы бөлүкчөлөрдүн жана мекемелердин түзүмү менен штаттык расписаниесин эмгекке акы төлөөнүн белгиленген фондунун жана эң көп сандын чектеринде бекитет;
- борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүкчөлөрү жөнүндө жоболорду бекитет;
- кинематографияны өнүктүрүү жаатындагы ведомстволор аралык мүнөздөгү эл аралык келишимдерге Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен макулдашуу боюнча белгиленген тартипте кол коет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен берилген башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
12. Мамлекеттик агенттикте саны 9 адамдан турган коллегия түзүлүп, анын курамына директор (коллегиянын төрагасы), статс-катчы, директордун орун басары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлү, кинематографиянын, маданияттын, искусствонун ишмерлери, ошондой эле ведомстволук караштуулуктагы бөлүкчөлөрдүн жетекчилери кирет.
13. Директор, статс-катчы, директордун орун басары коллегиянын курамына кызматы боюнча кирет. Мамлекеттик агенттиктин коллегиясынын жеке курамы директордун сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан бекитилет.
14. Коллегиянын иши Мамлекеттик агенттиктин директорунун буйругу менен бекитилүүчү Коллегия жөнүндө жобо менен аныкталат.
15. Мамлекеттик агенттиктин мүлкү ажыратып алуу укугусуз Мамлекеттик агенттикке оперативдик башкаруу укугунда бекитилип берилген мамлекеттик менчик болуп саналат.
16. Мамлекеттик агенттиктин мүлкүн негизги фонддор, жүгүртүү каражаттары, алардын наркы Мамлекеттик агенттиктин мамлекеттик кинематография уюмдарынын өз алдынча баланстарында чагылдырылуучу башка баалуулуктар түзөт.
17. Төмөнкүлөр Мамлекеттик агенттиктин каражаттарын түзүүнүн булактары болуп саналат:
а) Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети, анын каражаттары төмөнкүлөргө пайдаланылат:
- Мамлекеттик агенттиктин борбордук аппаратын күтүүгө;
- кинофильмдерди, мезгилдүү кинолорду, кино санжыраларды жаратууга, кинофильмдерди кыргызча сүйлөтүүгө, мамлекеттик фильм фондун толуктоого;
- толук метраждуу көркөм, кыска метраждуу даректүү жана мультипликациялык фильмдерди чыгарууга мамлекеттик заказга;
б) башка булактар:
- продукцияны, жумуштарды жана кызматтарды сатуудан, ошондой эле Мамлекеттик агенттиктин мамлекеттик кинематография уюмдарынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген ишинин башка түрлөрүнөн алынган кирешелер;
- ишканалардын, уюмдардын, жарандардын, анын ичинде чет өлкөлүк мамлекеттердин акысыз жана кайрымдуулук төгүмдөрү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка булактар.
18. Мамлекеттик агенттикти жоюу (кайра уюштуруу) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.