Документке
Мурунку30.09.2019

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2011-жылдын 27-январы № 30

Бюджеттик каржылоодогу мекемелерде, уюмдарда жана ишканаларда окуу сабактарын өткөрүүгө тартылган кызматкерлердин эмгек акысын төлөөнүн шарттарын жана эмгек акыны саатына төлөөнүн ставкаларын бекитүү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 12-сентябрындагы № 529, 2018-жылдын 27-августундагы № 401 , 2019-жылдын 30-майындагы № 254 , 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 511 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 152-беренесине ылайык, «Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бюджеттик каржылоодогу мекемелерде, уюмдарда жана ишканаларда окуу сабактарын өткөрүүгө тартылган кызматкерлердин эмгек акысын төлөөнүн шарттары жана эмгек акыны саатына төлөөнүн ставкалары 1 жана 2-тиркемелерге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык камсыздоо, саламаттык сактоо, эмгек жана миграция бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министри

А. Атамбаев

1-тиркеме

Бюджеттик каржылоодогу мекемелерде, уюмдарда жана ишканаларда окуу сабактарын өткөрүүгө тартылган кызматкерлердин эмгек акысын төлөөнүн ШАРТТАРЫ

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 12-сентябрындагы № 529, 2018-жылдын 27-августундагы № 401 , 2019-жылдын 30-майындагы № 254 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

1. Эмгек акыны саатына төлөөнүн ставкалары төмөнкүдөй белгиленет:

- "Эл" деген ардак наамы бар адамдарга профессорлор, илимдин докторлору үчүн каралган өлчөмдө;

- "Эмгек сиңирген" деген ардак наамы бар адамдарга доценттер, илимдин кандидаттары үчүн каралган өлчөмдө.

2. Эмгек акыны саатына төлөөнүн ставкасына жыл сайын төлөнүүчү өргүүгө төлөөлөр киргизилет.

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын анык мүчөлөрүнүн жана мүчө-корреспонденттеринин эмгек акысын саатына төлөөнүн ставкасы 25 процентке көтөрүлөт.

4. Конкурстардын жана кароолордун калыстарынын мүчөлөрүнүн, ошондой эле конкурстук иштердин рецензенттеринин эмгек акысын төлөө студенттерге окуу сабактарын өткөрүүчү адамдар үчүн каралган эмгек акыны саатына төлөөнүн ставкалары боюнча жүргүзүлөт.

5. Башка мекемелерден консультация өткөрүү үчүн саламаттык сактоо мекемелерине тартылган врач-консультанттардын эмгек акысын саатына төлөөнүн ставкалары аспиранттарга окуу сабактарын өткөрүүчү адамдар үчүн каралган эмгек акыны саатына төлөөнүн ставкасынын деңгээлинде белгиленет.

6. Сабактардын керектүү сааттарына катышуучу окуу-жардамчы персоналдагы адамдарга эмгек акыны саатына төлөөнүн ставкасы 2-тиркемеде каралган эмгек акыны саатына төлөөнүн ставкаларынын 50 проценти өлчөмүндө белгиленет.

7. Окуу сабактарын өткөрүүгө катышкан пластикалык позаларды демонстрациялоочу адамдарга эмгек акы төлөө кийимсиз же татаал позада тургандыгы үчүн саатына 200 сом, кийимчен позада тургандыгы үчүн саатына 100 сом өлчөмүндө жүргүзүлөт.

8. Диссертацияны алдын ала рецензиялоо үчүн эмгек акы төлөө кандидаттык же доктордук диссертация үчүн тиешелүү түрдө 5 жана 7 саат эсебинде, илимий секретардын эмгеги үчүн бир диссертацияга 2 саат эсебинде жүргүзүлөт.

9. Диссертация боюнча расмий оппоненттердин (эксперттердин) эмгек акысын төлөө эмгек акыны саатына төлөөнүн ставкасы менен ар бир кандидаттык же доктордук диссертация үчүн тиешелүү түрдө 7 жана 10 саат эсебинде жүргүзүлөт. Бул тартип тиешелүү түрдө доцент (улук илимий кызматкерге) же профессор илимий наамын ыйгарууга берилген сунушту экспертизалоо үчүн акы төлөөдө колдонулат.

10. Доктордук жана кандидаттык диссертациялар, ошондой эле изденип алуучуларга профессор, доцент, улук илимий кызматкер илимий наамдарын ыйгаруунун сунуштары боюнча оппоненттердин (эксперттердин) эмгек акысын төлөөнүн жогорку окуу жайларынын системасы үчүн белгиленген шарттары академиялык, тармактык, аларга теңдештирилген илимий мекемелерде жана Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясынын эксперттерине карата колдонулат.

11. Илимий-техникалык программаларды ишке ашыруу жаатындагы эксперттердин эмгек акысын төлөө бир программа үчүн 7 саат эсебинде жүргүзүлөт.

12. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутууга тартылуучу окутуучулардын эмгек акысы жыл сайын бекитилүүчү окутууга мамлекеттик тапшырыкты жүзөгө ашыруунун алкагында белгиленет.

13. Кыргыз Республикасынын судьяларын жана сот системасынын кызматкерлерин окутууга тартылган окутуучулардын эмгек акысын төлөө окуу программасына ылайык эмгек акыны саатына төлөөнүн эсебинен жүргүзүлөт.

2-тиркеме

Бюджеттик каржылоодогу мекемелерде, уюмдарда жана ишканаларда окуу сабактарын өткөрүүгө тартылган кызматкерлердин эмгек акысын саатына төлөөнүн СТАВКАЛАРЫ

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 511 токтомунун редакциясына ылайык)

№

Окугандардын контингенти

Эмгек акыны саатына төлөөнүн ставкалары (сом менен)

профессор, илимдин доктору

доцент, илимдин кандидаты

окумуштуу даражасы жок адамдар

1

Жалпы билим берүүчү баштапкы жана орто кесиптик билим берүү уюмдарында окугандар; окугандардын ушул сыяктуу башка категориялары; жумушчулар; орто кесиптик билимди талап кылган кызмат орундарын ээлеген, кызматкерлер; курстардын угуучулары

91

65

46

2

Студенттер

111

91

52

3

Аспиранттар, жетектөөчү кызматкерлердин жана адистердин квалификациясын жогорулатуу боюнча окуу жайлардын угуучулары

137

111

65

4

Окутууга мамлекеттик заказдын алкагында окутулуучу мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар

350

350

300

5

Кыргыз Республикасынын судьялары жана сот системасынын кызматкерлери

350

350

300

Жаңы30.03.2022

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2011-жылдын 27-январы № 30

Бюджеттик каржылоодогу мекемелерде, уюмдарда жана ишканаларда окуу сабактарын өткөрүүгө тартылган кызматкерлердин эмгек акысын төлөөнүн шарттарын жана эмгек акыны саатына төлөөнүн ставкаларын бекитүү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 12-сентябрындагы № 529, 2018-жылдын 27-августундагы № 401 , 2019-жылдын 30-майындагы № 254 , 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 511,КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы №181 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 152-беренесине ылайык, «Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бюджеттик каржылоодогу мекемелерде, уюмдарда жана ишканаларда окуу сабактарын өткөрүүгө тартылган кызматкерлердин эмгек акысын төлөөнүн шарттары жана эмгек акыны саатына төлөөнүн ставкалары 1 жана 2-тиркемелерге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык камсыздоо, саламаттык сактоо, эмгек жана миграция бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министри

А. Атамбаев

1-тиркеме

Бюджеттик каржылоодогу мекемелерде, уюмдарда жана ишканаларда окуу сабактарын өткөрүүгө тартылган кызматкерлердин эмгек акысын төлөөнүн ШАРТТАРЫ

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 12-сентябрындагы № 529, 2018-жылдын 27-августундагы № 401 , 2019-жылдын 30-майындагы № 254, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы №181 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

1. Эмгек акыны саатына төлөөнүн ставкалары төмөнкүдөй белгиленет:

- "Эл" деген ардак наамы бар адамдарга профессорлор, илимдин докторлору үчүн каралган өлчөмдө;

- "Эмгек сиңирген" деген ардак наамы бар адамдарга доценттер, илимдин кандидаттары үчүн каралган өлчөмдө.

2. Эмгек акыны саатына төлөөнүн ставкасына жыл сайын төлөнүүчү өргүүгө төлөөлөр киргизилет.

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын анык мүчөлөрүнүн жана мүчө-корреспонденттеринин эмгек акысын саатына төлөөнүн ставкасы 25 процентке көтөрүлөт.

4. Конкурстардын жана кароолордун калыстарынын мүчөлөрүнүн, ошондой эле конкурстук иштердин рецензенттеринин эмгек акысын төлөө студенттерге окуу сабактарын өткөрүүчү адамдар үчүн каралган эмгек акыны саатына төлөөнүн ставкалары боюнча жүргүзүлөт.

5. Башка мекемелерден консультация өткөрүү үчүн саламаттык сактоо мекемелерине тартылган врач-консультанттардын эмгек акысын саатына төлөөнүн ставкалары аспиранттарга окуу сабактарын өткөрүүчү адамдар үчүн каралган эмгек акыны саатына төлөөнүн ставкасынын деңгээлинде белгиленет.

6. Сабактардын керектүү сааттарына катышуучу окуу-жардамчы персоналдагы адамдарга эмгек акыны саатына төлөөнүн ставкасы 2-тиркемеде каралган эмгек акыны саатына төлөөнүн ставкаларынын 50 проценти өлчөмүндө белгиленет.

7. Окуу сабактарын өткөрүүгө катышкан пластикалык позаларды демонстрациялоочу адамдарга эмгек акы төлөө кийимсиз же татаал позада тургандыгы үчүн саатына 360 сом, жарым кийимчен позада тургандыгы үчүн-270 сом, кийимчен позада тургандыгы үчүн саатына 180 сом өлчөмүндө жүргүзүлөт.

8. Диссертацияны алдын ала рецензиялоо үчүн эмгек акы төлөө кандидаттык же доктордук диссертация үчүн тиешелүү түрдө 5 жана 7 саат эсебинде, илимий секретардын эмгеги үчүн бир диссертацияга 2 саат эсебинде жүргүзүлөт.

9. Диссертация боюнча расмий оппоненттердин (эксперттердин) эмгек акысын төлөө эмгек акыны саатына төлөөнүн ставкасы менен ар бир кандидаттык же доктордук диссертация үчүн тиешелүү түрдө 7 жана 10 саат эсебинде жүргүзүлөт. Бул тартип тиешелүү түрдө доцент (улук илимий кызматкерге) же профессор илимий наамын ыйгарууга берилген сунушту экспертизалоо үчүн акы төлөөдө колдонулат.

10. Доктордук жана кандидаттык диссертациялар, ошондой эле изденип алуучуларга профессор, доцент, улук илимий кызматкер илимий наамдарын ыйгаруунун сунуштары боюнча оппоненттердин (эксперттердин) эмгек акысын төлөөнүн жогорку окуу жайларынын системасы үчүн белгиленген шарттары академиялык, тармактык, аларга теңдештирилген илимий мекемелерде жана Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясынын эксперттерине карата колдонулат.

11. Илимий-техникалык программаларды ишке ашыруу жаатындагы эксперттердин эмгек акысын төлөө бир программа үчүн 7 саат эсебинде жүргүзүлөт.

12. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутууга тартылуучу окутуучулардын эмгек акысы жыл сайын бекитилүүчү окутууга мамлекеттик тапшырыкты жүзөгө ашыруунун алкагында белгиленет.

13. Кыргыз Республикасынын судьяларын жана сот системасынын кызматкерлерин окутууга тартылган окутуучулардын эмгек акысын төлөө окуу программасына ылайык эмгек акыны саатына төлөөнүн эсебинен жүргүзүлөт.

2-тиркеме

Бюджеттик каржылоодогу мекемелерде, уюмдарда жана ишканаларда окуу сабактарын өткөрүүгө тартылган кызматкерлердин эмгек акысын саатына төлөөнүн СТАВКАЛАРЫ

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 511, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы №181 токтомдорунун редакциясына ылайык)

№

Окугандардын контингенти

Эмгек акыны саатына төлөөнүн ставкалары (сом менен)

профессор, илимдин доктору

доцент, илимдин кандидаты

окумуштуу даражасы жок адамдар

1

Жалпы билим берүүчү баштапкы жана орто кесиптик билим берүү уюмдарында окугандар; окугандардын ушул сыяктуу башка категориялары; жумушчулар; орто кесиптик билимди талап кылган кызмат орундарын ээлеген, кызматкерлер; курстардын угуучулары

164

117

83

2

Студенттер

200

164

94

3

Аспиранттар, жетектөөчү кызматкерлердин жана адистердин квалификациясын жогорулатуу боюнча окуу жайлардын угуучулары

247