Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 15-февралы № 46
Бишкек шаарындагы «Тунгуч» кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу турак үйдөгү квартираларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын балансынан Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин балансына акысыз өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 25-беренесине, «Кыргыз Республикасынын турак жай фондун менчиктештирүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык, аскердик парзын жана кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда 2011-жылдын 4 жана 5-январында курман болгон Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүн турак жай менен камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Бишкек шаарынын «Тунгуч» кичи районунда жайгашкан 9 кабаттуу үйдүн батышындагы № 58 көп кабаттуу турак үйдөгү квартираларды белгиленген тартипте акысыз негизде өткөрүп берсин:
- бир үч бөлмөлүү жана эки эки бөлмөлүү квартираларды - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин балансына;
- бир эки бөлмөлүү квартираны - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин балансына.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети:
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн квартираларды белгиленген тартипте балансына кабыл алсын жана аларды акысыз негизде ички иштер жана улуттук коопсуздук органдарынын курман болгон кызматкерлеринин төмөнкү үй-бүлөлөрүнө акысыз негизде өткөрүп беришсин:
Абдырахманова Айымсаат Абдилакимовнага - бир үч бөлмөлүү квартираны;
Абасканова Алтынгүл Джетыканавнага - бир эки бөлмөлүү квартираны;
Арымбаева Гүлнур Кадыракуновнага - бир эки бөлмөлүү квартираны;
Ташбалтаева Аделина Жеңишбековнага жана Ибраимов Бейбарыс Женисовичке - бир эки бөлмөлүү квартираны бирдей үлүштөрдө;
- квартираларды жогоруда аталган адамдардын менчигине белгиленген тартипте тариздешсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн квартираларды Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетине белгиленген тартипте өткөрүп берүүнү камсыз кылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коопсуздукту, укук тартибин жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | А. Атамбаев |