Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 15-февралы № 48
Кыргыз Республикасынын аэропортторунда авиаотун менен камсыздоо жаатындагы Кыргызстандык-Россиялык биргелешкен ишкана түзүүгө катышуу жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-февралындагы № 143 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 13-сентябрындагы № 79-б буйругу менен жактырылган Кыргыз Республикасынын аэропортторунда авиаотун менен камсыздоо жаатындагы кызматташтык жөнүндө меморандумду ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-февралындагы № 143 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги:
- «Манас» май куюу комплекси» мамлекеттик ишканасына чарба жүргүзүү укугунда бекитип берилген май куюучу комплекстин мүлкүн менчиктештирүүнүн методу катары - чарбалык коомдун уставдык капиталына салым кылып киргизүүнү аныктасын;
- «Манас» май куюу комплекси» мамлекеттик ишканасына «Газпромнефть-Аэро Кыргызстан» жоопкерчилиги чектелген коомдун уюштуруучусу катары чыгууга ыйгарым укук берсин;
- «Манас» май куюу комплекси» мамлекеттик ишканасы менен бирдикте май куюучу комплекстин курамына кирген «Манас» май куюу комплекси» мамлекеттик ишканасынын мүлкүн ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык «Газпромнефть-Аэро Кыргызстан» жоопкерчилиги чектелген коомдун уставдык капиталына баалоо күнүнө карата наркы 367 023 990 (үч жүз алтымыш жети миллион жыйырма үч миң тогуз жүз токсон) сомдук салым катары белгиленген тартипте өткөрүп берүүнү камсыз кылсын.
3. «Манас» май куюу комплекси» мамлекеттик ишканасынын толук чарбалык карамагында турган май куюучу комплекстин мүлкүн көз карандысыз баалоочу уюм - «АБМ партнер» жабык акционердик коому (Россия Федерациясы) жүргүзүп, «Манас» май куюу комплекси» мамлекеттик ишканасынын рыноктук наркын аныктоо жөнүндө отчётто 7 735 110 (жети миллион жети жүз отуз беш миң жүз он) АКШ доллары өлчөмүндө көрсөтүлгөн баалоого макулдук берилсин, бул баалоо Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2011-жылдын 15-февралындагы курсу боюнча 367 023 990 (үч жүз алтымыш жети миллион жыйырма үч миң тогуз жүз токсон) сомду түзөт.
4. «Газпромнефть-Аэро Кыргызстан» жоопкерчилиги чектелген коомдун жалпы чогулушунун катышуучуларынын протоколунун, уюштуруу келишиминин жана уставынын долбоорлору ушул токтомдун 2-4-тиркемелерине ылайык жактырылсын.
5. Бул токтом кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | А. Атамбаев |