ТоктомКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы №61 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 30-июнундагы № 369 «Объекттерди коммуналдык менчикке өткөрүп берүү жана Кыргыз Республикасынын райондук баш ийүүдөгү шаарларынын шаар башкармаларынын структурасы жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому

Редакция22.02.2011 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2011-жылдын 22-февралындагы № 61

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 30-июнундагы № 369 «Объекттерди коммуналдык  менчикке өткөрүп берүү жана Кыргыз Республикасынын райондук баш ийүүдөгү шаарларынын шаар  башкармаларынын структурасы жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 30-июнундагы № 369 «Объекттерди коммуналдык менчикке өткөрүп берүү жана Кыргыз Республикасынын райондук баш ийүүдөгү шаарларынын шаар башкармаларынын структурасы жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- жогоруда аталган токтомго 2-тиркеме төмөнкү мазмундагы позиция менен толукталсын:

«

Ысык-Көл облусу, Каракол шаары, Октябрь көчөсү, 37 дарегинде жайгашкан шаардык прокуратуранын администрациялык имараты

1

0,3

»;

- «Жыйынтыгы» позициясы алып салынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын мэриясы менен бирдикте ушул токтомдун 1-пунктунда аталган объектти Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүүнү камсыз кылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнө жана уюштуруучулук-инспектордук иштер жана аймактык башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

А. Атамбаев