Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 2-мартындагы № 86
«Кара-Балта спирт заводу» мамлекеттик ишканасына колдоо көрсөтүү боюнча айрым чаралар жөнүндө
2011-жылы спирт жана алкоголдук продукция өндүрүү боюнча болжолдук көрсөткүчтөрдү аткаруу жана «Кара-Балта спирт заводу» мамлекеттик ишканасына колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кара-Балта спирт заводу» мамлекеттик ишканасына этил спиртин өндүрүү үчүн 2011-жылдын 31-декабрына чейин буудайды бир булактан алуу методу менен сатып алууга уруксат берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-июлундагы № 122 «2010-жылы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн өз убагында жана уюшкандыкта жыйноо боюнча айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 6-пункту күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | А. Атамбаев |