Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 2-марты № 89
Мамлекеттин менчигине алынган товарларды максаттуу пайдалануу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 961 «Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтому менен бекитилген Бажы режимин колдонуу боюнча нускаманын 200-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Азия өнүктүрүү банкынын Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн арызынын негизинде белгиленген тартипте 2004-жылы чыгарылган, кыймылдаткыч № 1FZ-0624840, шасси № JTEHJ09J24-5106790 «Toyota Land Cruiser 100 GX-R» маркасындагы автомашинаны мамлекеттин пайдасына баш тартуунун бажылык режиминде тариздесин.
2. Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекция белгиленген тартипте ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автомашинаны балансына кабыл алсын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мүлктүн наркын республикалык бюджеттин киреше бөлүгүндө эсепке алсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | А. Атамбаев |