Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 14-марты № 104
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 26-мартындагы № 169 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө жобону бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү процессинде айкындыкты жана ачыктыкты жогорулатуу, мамлекеттин менчигинде турган объекттерди натыйжалуу сатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 26-мартындагы № 169 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө жобону бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө жободо:
- 7-пункт:
төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Мамлекеттик менчикте турган объекттерди менчиктештирүү жана баалоо процессин жүргүзүүдө жогоруда аталган өкүлдөрдөн тышкары сөзсүз түрдө Объекттерди менчиктештирүү жана баалоо боюнча комиссиянын курамына: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ар бир фракциясынан бирден депутатты (макулдашуу боюнча), укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн, Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынан (бир өкүл, макулдашуу боюнча), өкмөттүк эмес уюмдардын жана коммерциялык эмес уюмдардын (беш өкүл, макулдашуу боюнча), Ишкерлер ассоциациясынын (үч өкүл, макулдашуу боюнча) өкүлдөрүн киргизүү керек.";
төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы жана жетинчи абзацтар менен толукталсын:
"Менчиктештирүү боюнча комиссия мамлекеттик менчиктеги объекттердин наркын баалоо боюнча алынган отчетту рецензиялоого жиберет.
Менчиктештирүү боюнча комиссиянын жыйынында мамлекеттик менчиктеги объекттердин наркын баалоо жөнүндө отчет, ушул отчетко рецензия каралат, баалоочу наркы белгиленет жана баасы бекитилет.";
- 21-1-пункт:
төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Мамлекеттик менчикте турган объекттерди менчиктештирүү жана баалоо процессин жүргүзүүдө жогоруда аталган өкүлдөрдөн тышкары сөзсүз түрдө Объекттерди менчиктештирүү жана баалоо боюнча комиссиянын курамына: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ар бир фракциясынан бирден депутатты (макулдашуу боюнча), укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн, Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынан (бир өкүл, макулдашуу боюнча), өкмөттүк эмес уюмдардын жана коммерциялык эмес уюмдардын (беш өкүл, макулдашуу боюнча), Ишкерлер ассоциациясынын (үч өкүл, макулдашуу боюнча) өкүлдөрүн киргизүү керек.";
төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи жана алтынчы абзацтар менен толукталсын:
"Баалоо боюнча комиссия мамлекеттик менчиктеги объекттердин наркын баалоо боюнча алынган отчетту рецензиялоого жиберет.
Менчиктештирүү боюнча комиссиянын жыйынында мамлекеттик менчиктеги объекттердин наркын баалоо жөнүндө отчет, ушул отчетко рецензия каралат, баалоочу наркы белгиленет жана баасы бекитилет.";
- 22-пункт төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
"Мамлекеттик менчиктеги объекттерди сатуунун жыйынтыгы тоорук өткөрүлгөндөн кийин 30 күндөн кечиктирилбестен жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланышы жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин веб-сайтында жайгаштырылышы керек.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
А.Атамбаев
|