Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2011-жылдын 15-марты № 106
"Бишкек шаарында 2011-жылдын 8-февралында кол коюлган Транзиттик ташуулар борборун эксплуатациялоо үчүн отун сатып алууга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Бишкек шаарында 2011-жылдын 8-февралында кол коюлган Транзиттик ташуулар борборун эксплуатациялоо үчүн отун сатып алууга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын энергетика министри аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
А.Атамбаев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Бишкек шаарында 2011-жылдын 8-февралында кол коюлган Транзиттик ташуулар борборун эксплуатациялоо үчүн отун сатып алууга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
Бишкек шаарында 2011-жылдын 8-февралында кол коюлган Транзиттик ташуулар борборун эксплуатациялоо үчүн отун сатып алууга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду кыргыз тараптын аткаргандыгы жөнүндө Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтүнө билдирсин.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти