КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №122 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 22-марты № 111
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-ноябрындагы № 709 «Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги жөнүндө» токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 23-августундагы № 143 «Мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө статс-катчылар институтунун ролун жана жоопкерчилигин күчөтүү жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу, ошондой эле мамлекеттик бийлик органдарынын түзүмүн жана ишин өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-ноябрындагы № 709 «Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:
аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги жөнүндө жободо:
- 9-пунктта:
экинчи абзацтагы «функцияларды жана ыйгарым укуктарды» деген сөздөрдөн кийин «, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрлар кызматы менен макулдашуу боюнча» деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
«Статс-катчы министр менен макулдашуу боюнча:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ваканттык администрациялык мамлекеттик кызматка талапкерлерди дайындайт;
- администрациялык мамлекеттик кызматты ээлеген мамлекеттик кызматчыларды которууну жана ротциялоону ишке ашырат.»;
- 11-пункттун он экинчи абзацындагы «дайындайт жана» деген сөздөр алып салынсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | А. Атамбаев |