Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 28-марты № 123
Талды-Булак Сол жээк" долбоорун ишке ашыруу боюнча айрым чаралар жөнүндө
"Кыргызалтын" ачык акционердик коому (мындан ары - "Кыргызалтын" ААК) менен "Sаmmеr Gоld" жоопкерчилиги чектелген шериктештигинин (мындан ары - "Саммер Голд" ЖЧШ) ортосундагы "Талды-Булак Сол жээк" долбоорун ишке ашыруу боюнча биргелешкен иш жөнүндө макулдашууга 2006-жылдын 10-мартында кол коюлган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик (мындан ары - Мамгеология агенттиги) тарабынан "Алтынкен" жоопкерчилиги чектелген коомго (мындан ары "Алтынкен" ЖЧКсы) 2006-жылдын 7-апрелинде "Талды-Булак Сол жээк" кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия (№ 471 АЕ) берилген.
№ 471 АЕ лицензиясынын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелген № 1 лицензиялык макулдашууга ылайык "Алтынкен" ЖЧКсы тарабынан "Талды-Булак Сол жээк" кенин иштетүү долбоору түзүлгөн жана 2007-жылдын 28-сентябрында Мамгеология агенттиги тарабынан колдонулуу мөөнөтү 2026-жылдын 5-январына чейин болгон "Талды-Булак Сол жээк" кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна "Алтынкен" ЖЧКсы менен № 471 АЕ лицензиясына № 2 лицензиялык макулдашуу түзүлгөн.
№ 2 лицензиялык макулдашууда 2010-жылдын 1-ноябрына чейин кенди казып алууну 2010-жылдын декабрында баштоо менен алтын иргеп алуучу фабриканы, калдык сактоочу жайды, кен-даярдоо жана ачуучу жер астындагы кен өткөөлдөрүн жана жер астындагы инфраструктура объекттерин куруу каралган.
Лицензиянын колдонулган мезгилинде "Алтынкен" ЖЧКсы тарабынан долбоорлоо жана курулуш-монтаждоо иштеринин олуттуу көлөмү аткарылган. Жер астындагы кен иштетүү өткөөлдөрү башталган, көмөкчү объекттер - майдалоочу-сорттоочу комплекс, бетон-аралашма түйүндөр, автотранспорт техникасын сактоочу жана ремонттоочу жер ишке даярдалган, объектти техникалык суу менен камсыздоо үчүн суу алгыч курулган, жолдор курулган жана электр берүү линиялары тартылган. Кен өткөөл жана транспорттук техника сатып алынган.
Бул иштер негизинен 2007-жылдын акырында - 2008-жылдын башында аткарылган. 2008-жылы 26 млн. АКШ долларын өздөштүрүү болжолдонгон. Бирок, башка өлкөлөрдөн Казакстан мурда туш болгон финансылык кризис башталып калган шарттарда "Алтынкен" ЖЧКсы тарабынан жылдын 30 проценттен төмөн проценттик ставка менен долбоорду каржылоо булагы табылган эмес жана кен жайгашкан жердеги алтын казып алуучу комбинатты куруу боюнча иштер 2009-жылдын ортосунда токтотулган.
"Алтынкен" ЖЧКсы "Кыргызалтын" ачык акционердик коому менен "Саммер Голд" ЖЧШнын ортосундагы биргелешкен иштер жөнүндө макулдашууга төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү сунушу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кайрылган:
1. "Саммер Голд" ЖЧШ Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине төмөнкүлөрдү төлөйт:
- 3906230 АКШ доллары өлчөмүндөгү бонусту;
- курулуш мөөнөттөрүн бузгандыгы үчүн 1200000 АКШ доллары өлчөмүндөгү айыптык санкцияларды.
2. "Алтынкен" ЖЧКсы Кемин районун өнүктүрүү фондусуна алтындын өндүрүлгөн унциясы менен 5,0 АКШ долларынан 7,5 АКШ долларына чейин төлөйт.
3. Долбоор боюнча каржылоо ставкасы 12 проценттен жогору эмес өлчөмдө белгиленет.
4. 2014-жылдын 1-январына чейин алтын казып алуучу комбинаттын бардык объекттеринин курулушун аяктоо жана ишке берилүүчү комплекстин биринчи кезегин пайдаланууга берүү.
"Алтынкен" ЖЧКсында Кыргыз Республикасынын контролдоочу органдары менен макулдашылган долбоордук документтердин бар экенин, алтын казуучу комбинатты куруу боюнча иштерди андан ары улантууга жогорку даярдыкты, долбоорго олуттуу каражаттар салынганын, ошондой эле аталган алтын кенин тездетип өздөштүрүү Кыргыз Республикасынын экономикасы үчүн чоң мааниге ээ экендигин көңүлгө алуу менен Тараптар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, "Кыргызалтын" ААКы менен "Саммер Голд" ЖЧШнын ортосундагы биргелешкен иштер жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарылдыгы тууралуу макулдашууга келишти.
Жогоруда айтылгандарга байланыштуу, "Талды-Булак Сол жээк" алтын кенин өздөштүрүүнү тездетүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргызалтын" ачык акционердик коому менен "Sаmmеr Gоld" жоопкерчилиги чектелген шериктештигинин ортосундагы 2006-жылдын 10-мартында кол коюлган "Талды-Булак Сол жээк" долбоорун ишке ашыруу боюнча биргелешкен иш жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу макулдашуунун расмий тилдеги тиркелген долбоору жактырылсын.
2. "Кыргызалтын" ААКсынын Директорлор кеңешине "Кыргызалтын" ААКы менен "Саммер Голд" ЖЧШнын ортосундагы биргелешкен иш жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу макулдашууга кол коюу жөнүндө маселени кароо сунушталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлиги "Кыргызалтын" ААКы менен "Саммер Голд" ЖЧШнын ортосундагы биргелешкен иш жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу макулдашууга кол коюлган күндөн тартып беш күндүн ичинде мыйзамда белгиленген тартипте "Алтынкен" ЖЧКсы менен № 3 лицензиялык макулдашууну түзсүн, ал "Кыргызалтын" ААКы менен "Саммер Голд" ЖЧШнын ортосундагы биргелешкен иш жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу макулдашууда айтылган шарттарды эске алуу менен "Талды-Булак Сол жээк" кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна 2006-жылдын 7-апрелиндеги № 471 АЕ лицензиясынын ажырагыс бөлүгү болуп калат.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын отун-энергетикалык комплекси жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
А.Атамбаев
|