ТоктомКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-мартындагы №127 «Кыргыз Республикасында аудиторлордун, аудитордук уюмдардын, жеке аудиторлордун, кесиптик аудитордук бирикмелердин мамлекеттик реестрлерин жүргүзүү тууралуу жобону жана Аудитордук уюмдардын жана жеке аудиторлордун аудитордук иши тууралуу отчет берүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө» токтому

Редакция30.03.2011 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2011-жылдын 30-марты № 127

Кыргыз Республикасында аудиторлордун, аудитордук уюмдардын, жеке аудиторлордун, кесиптик аудитордук бирикмелердин мамлекеттик реестрлерин жүргүзүү тууралуу жобону жана Аудитордук уюмдардын жана жеке аудиторлордун аудитордук иши тууралуу отчет берүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө

 

"Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасында аудитти андан ары өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасында аудиторлордун, аудитордук уюмдардын, жеке аудиторлордун, кесиптик аудитордук бирикмелердин мамлекеттик реестрлерин жүргүзүү тууралуу жобо;

- Аудитордук уюмдардын жана жеке аудиторлордун аудитордук иши тууралуу отчет берүүнүн тартиби.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматына жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министри

 

А.Атамбаев